Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнө басым күчөп жатат. Москванын прокуратурасы Навальныйдын штабдарынын ишин токтотуп, Коррупцияга каршы күрөш жана Жарандардын укугун коргоо фонддорунун ишмердигине тыюу салуу боюнча сотко кайрылды.
Москванын прокуратурасы оппозиционер Алексей Навальныйдын штабдарынын ишин токтоткону 26-апрелде белгилүү болду. Ушул эле күнү соттон саясатчы түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) ишмердигине тыюу салууну суранды.
Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов cоңку чараларды "күлкү келерлик" деп атап, бийлик корккону үчүн ушундай кадамдарга барып жатканын белгиледи:
“26-апрелде бизге тыюу салуу боюнча чараларды күтүп жатканбыз. Алардын арасында шайлоого катышууга тыюу салуу болушу мүмкүн. Бирок биздин фонд эч качан шайлоого катышпайт, юридикалык жак катары митингдерди уюштурган эмес. Ошондуктан, прокуратуранын сурап жатканы күлкү келтирет. Бирок ФБКнын жакынкы сааттарда экстремисттик уюмдардын реестрине киргизерине эч кандай күмөн жок”.
Москванын прокурору Денис Поповдун 26-апрелдеги кайрылуусунда соттон Навальныйга байланышкан уюмдардан өз иликтөөлөрүн интернетке жайгаштырууга, митинг жана демонстрацияларды өткөрүүгө, шайлоо менен референдумдарга катышууга тыюу салууну суранган.
Бул прокуратуранын Алексей Навальный түптөгөн уюмдарды экстремисттик деп таануу боюнча демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Орус көзөмөл органынын штабдын ишин токтотуу боюнча чечиминде “либералдык лозунгдарга жамынып алып, социалдык-саясий абалды дестабилдештирүү үчүн шарттарды түзүүгө катышкан” деп негиздеген.
Прокуратуранын бул сунушун эл аралык уюмдар жана орусиялык укук коргоочулар айыптап чыкты. Алар эгер Навальныйга тиешеси бар уюмдарды сот “экстремисттик” деп тааныса, бардык кызматкерлер алты жылдан 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн деп камтама болушууда.
"Amnesty International" укук коргоо уюму прокуратуранын өтүнүчүн “чектен чыккан чабуул” деп атады.
“Навальныйдын штабынын Орусиянын 34 аймагында иштеп жаткан ондогон кызматкерлери, Навальныйдын тобу даярдаган иликтөөлөрдө социалдык тармактарда бөлүшкөн жүз миңдеген интернет колдонуучулар катаал репрессиялардын потенциалдуу жабырлануучулары болгону жатат”,-деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.
Навальныйдын штабдарынын ишмердигине тыюу салынышын Германия да сындап чыкты.
Немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт:
“Германия Навальныйдын уюмун “экстремисттик” деп таануу боюнча прокуратуранын сотко өтүнүчүн айыптайт. Саясий атаандаш пикирлерди айткандар менен антитеррордук каражаттарды колдонуу менен күрөшүү укуктук өлкөнүн принциптерине туура келбейт”, - деп билдирди.
Эми Москва прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөш фондунун ишине тыюу салуу боюнча өтүнүчүн сот 29-апрелде карайт.
Коррупцияга каршы күрөш фондун Алексей Навальный 2011-жылы түптөгөн. Андан бери орус бийлигиндеги жогорку кызмат адамдары жана алардын жакындарынын коррупциялык иш-аракеттери, мыйзамсыз жыйнаган байлыктары жана мүлктөрү боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет.
Быйыл жыл башында президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжик курорттук шаарына жакын жердеги Путинге таандык экени айтылган «хан сарай» тууралуу сөз болгон. Бул фильмди YouTube порталында 115 миллиондон ашык адам көргөн.
Иликтөө чыккандан бир жума өткөндөн кийин Германиядан дарылануудан келген Алексей Навальный Москвада аэропорттон эле камакка алынган. Ал мындан алты жыл мурдагы иши боюнча “шарттуу жазанын эрежесин сактаган жок” деп айыпталып, 2,5 жылга кесилген. Учурда Владимир облусунун Покров шаарындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан саясатчынын ден соолугу начарлап кеткени айтылууда. Ал өзүнө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, көз карандысыз дарыгер киргизилбей жатканы үчүн нааразы болуп ачкачылык жарыялаган. Бирок аны 23-апрелде ден соолугуна байланыштуу токтотууга аргасыз болду.
Алексей Навальный камакка алынгандан тарта Орусия боюнча аймактык штабдары жана Коррупцияга каршы күрөш фондундагы үзөңгүлөштөрү ишин улантып келе жатат.
Аларга карата басым күчөп, бир нечесине кылмыш иши козголду. Навальныйдын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболь 26-апрелде "жарандарды саясий акцияларга үндөгөн" деген айып менен административдик жазага тартылып, 300 миң рубль өлчөмүндө айыпка жыгылды.
Сот аны "макулдашылбаган саясий акцияларга чакырык жасаган" жана "митингди уюштуруу эрежесин экинчи ирет бузган" деп таап, жогорку акчалай өлчөмдөгү айыпка жыккан.
Акыркы төрт айда Орусиянын бир катар аймактарында Навальныйды бошотуу талабы менен бир нече нааразылык акциялары өттү. Акыркы жолу өткөн аптада Навальныйдын 2 миңге чукул тарапташы аны колдогон акцияларга катышканы үчүн кармалды.