Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:02

Путиндин кризис маалындагы кайрылуусу


Владивостокто Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш.
Владивостокто Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17- жылдык кайрылуусу бул жолу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди.

Анткени Украинанын чыгышына аскер күчтөрүн топтоштуруунун айынан Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып, тирешүү чегине жетип турган чакта Владимир Путиндин бул кайрылуусу эл аралык деңгээлде кызыгуу жаратты.

Путин сүйлөп жаткан маалда Орусиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Владивостокто, Хабаровскиде Кремлдин келишкис сынчысы, камактагы Алексей Навальныйды колдогон акциялар башталды. Чогулгандар саясатчыга көз карандысыз медициналык жардамдын көрсөтүлүшүн талап кылышты.

Нааразылык акциясына чыккан ондогон адамдар кармалды. Өлкө боюнча Навальныйды колдогон бир катар штабдарда тинтүү жүргүзүлдү жана ал жакта иштеген айрым адамдарды полиция эч кандай жүйө келтирбестен кармап кетти.

21-апрель күнү эртең менен эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» юристи Любовь Соболь кармалды.

Ал эми Навальный өзүнүн дарыгерлерин абакка киргизүүнү талап кылып, үч аптадан бери ачкачылык кармап келет. Жабык жайдын жетекчилиги 19-апрелде аны ооруканасы бар абакка которгон.

44 жаштагы оппозициячыл саясатчы Германиядан дарылануудан келери менен 17-январда кармалган. 2-февралда Москва соту Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кескен. Анын камалышына каршы чыккан миңдеген адамдар кармалган.

COVID-19, социалдык маселелер жана тышкы саясат

Навальныйды бошотууну талап кылган акциялар маалында жалпы элге кайрылуусун жолдогон 68 жаштагы Владимир Путин сөзүн коронавирус пандемиясынан баштады. Ал күзгө карата калкта жапырт иммунитет пайда болоруна үмүттөнөрүн айтты.

«Баарынан эмдөө маанилүү. Өкмөттөн, Саламаттык сактоо министрлигинен жана аймак башчыларынан бул маселе менен күндө алектенүүгө чакырам. Вакцинация бардык жерде жүргүзүлүшү керек. Бул күзүндө жапырт иммунитеттин пайда болуусуна мүмкүнчүлүк түзөт»​.

Андан соң Путин негизинен социалдык маселелерге көңүл бурду. Ал социалдык төлөмдөр, айлыктын жогорулашы тууралуу сөз козгоду.

Былтыр Путин өз кайрылуусун маанилүү саясий кадамдарын жарыялоо үчүн колдонгон. Анда президенттин сөзүнөн көп өтпөй ошол кездеги өкмөт башчы Дмитрий Медведев кызматтан кетип, анын ордуна Михаил Мишустин келген.

Тышкы саясатка токтолуп, Путин "Батыш мамлекеттери Орусияны себеби болуп-болбосо да ар кайсы темага кошо беришерин" айтып, муну «чоң спортко» салыштырды. Ал кандай санкциялар кабыл алынса да, Москва дал ошондой жооп кайтарарын кошумчалады.

«Биздин коопсуздугубузга коркунуч келтирүүнү максат кылган чагымчылар буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу өкүнүп каларын эскерте кетмекчимин», - деди Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин. 21-апрель, 2021-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 21-апрель, 2021-жыл.

Бир күн мурда АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кеңешүү үчүн барарын билдирген. Андан бир нече күн мурда Америка Орусияга 2016-жылкы жана 2020-жылкы АКШнын шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү жана киберчабуулдары үчүн жаңы санкциялардын айлампасын киргизген.

Орусия ошондой эле соңку айда Украина менен чек арасына жакын жерде жана 2014-жылы аннексиялап алган Крымда аскерлеринин санын көбөйттү. Дээрлик жети жылдан бери Москва Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскердик, экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүп келет. Ал эми айрым аймактарда украин өкмөтүнүн аскерлери менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда ушул күнгө чейин кагылышуулар токтой элек.

Путиндин кайрылуусун угуу үчүн парламенттин эки палатасынын мүчөлөрү, өкмөт башчы, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Православ чиркөөсүнүн жетекчилери жана башка коноктор топтолушту.

Ал эми ТАСС агенттиги жазгандай, 450дөй журналист аккредитациядан өткөн.

Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG