Кыргызстандык футболчулар коомчулукту аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрүшөт.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын адис футболчулар ассоциациясынын президенти Рустам Жаныбаев билдирди.
Анын айтуусунда, кыргыз премьер-лигасынын оюнунда футболчулар беттешке бетине кызыл боёк сыйпап чыгышат. “Нефтчи” жана “Кара-Балта” командаларынын оюну бүгүн, 10-апрелде Кант шаарында өтөт.
“Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясынан кийин Бишкекте өткөн акцияга биз да катыштык. Акцияга катышкандардын арасында футболчулар да бар эле. Аялдарга карата зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн кантип бурдурабыз деп чогуу ойлонуп, ушундай акцияны өткөрүүнү чечтик. Буга чейин 2018-жылы Италиянын футбол лигасынын футболчулары ушундай акция уюштурган. Беттеги кызыл сызык аялдарга зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт”, - деди Рустам Жаныбаев.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шектелген 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди. Айзада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдан кийинки экинчи кыз болуп калды.
Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 10 кызматкер иштен алынып, дагы 34 кызматкер түрдүү кызматтык жаза алышканы кабарланды.(GT/ZKo)
Дагы караңыз
Анкаранын аял лидерге мамилеси сынга кабылдыИндия жаңы коронавирус толкуну менен алышып жататКоронавирус 208 адамга жукту, үч бейтап каза болдуОшто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган тургун кармалды Айзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылдыИИМде жаңы жетекчилер дайындалдыШайлоо жана референдум: бүгүн жымжырттык күнү БШК: 19 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берүүгө арыз бердиОрусия: ФСБнын кызматкерлери журналист Аниндин үйүн тинтүүгө алышты