Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

ИИМде жаңы жетекчилер дайындалды


Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөн митингде ИИМдин башчыларын алмаштыруу талабы да жаңырды. 9-апрель, 2021-жыл.
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөн митингде ИИМдин башчыларын алмаштыруу талабы да жаңырды. 9-апрель, 2021-жыл.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилердин ордуна жаңылары дайындалды.

Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын (ШИИБ) убактылуу жетектөөгө Азамат Ногойбаев дайындалды. Анын убактылуу орун басары Тилек Туюкбаев болду.

Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын башчылыгына Кыргыйбек Курманалиев, Мелис Ниязалиев Биринчи май РИИБнүн башчысы болуп дайындалды.

Биринчи май РИИБнүн башчысынын орун басарлыгына Улан Орозалиев, Руслан Бердибаев жана Ж.Шералиев дайындалды.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн 10 жетекчи кызматтан бошотулган. Алардын ичинде Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов бар.

Булардан тышкары министрдин буйругу менен Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер иштен алынган.

Кызматтан бошотулгандардын катарында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эки нөөмөтчү кызматкери да бар.

ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү”, "катуу сөгүш" берилди.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды.

Коомчулук буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбековду да кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыгышкан. Министр Жогорку Кеңешке барганда бул үрөй учурган трагедияда жоопкерчилигин сезерин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG