Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Орусия: ФСБнын кызматкерлери журналист Аниндин үйүн тинтүүгө алышты


Роман Анин "Новая газета" басылмасында иштеп жүргөн кезинде. 2009-жылдын 23-сентябры.
Роман Анин "Новая газета" басылмасында иштеп жүргөн кезинде. 2009-жылдын 23-сентябры.

Орусиянын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү өлкөдөгү эң белгилүү иликтөөчү журналисттердин биринин үйүн тинтип, анын өзүн суракка алып келишти. Анын адвокаты жана редакциясы бул окуяны Орусиядагы кудуреттүү делген кишилердин бири – "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечиндин ишмердигин чагылдырган маалыматка байланыштырышты.

9-апрелде ФСБнын коопсуздук кызматкерлери "Важные истории" интернет порталынын башкы редактору Роман Аниндин Москвадагы батирин тинтүүгө алышкан соң, "кесиптик милдеттерин кыянаттык менен пайдалануу менен инсандын жеке жашоосунун купуялыгын бузган" деген доого байланыштуу суракка алуу үчүн Анин мырза Тергөө комитетине жеткирилген. Бул тууралуу анын адвокаты Анна Ставицкая маалымдады.

"Важные истории" интернет порталы өзүнүн “Telegram” каналында Анинден акыркы жолу издөө иштери 2016-жылы козголгон мурунку ишке байланыштуу болушу мүмкүн экендиги тууралуу жоромолду угушканын маалымдайт.

Журналист Аниндин өз редакциясындагы кесиптештерине телефон байланышы үзүлө электе маалымдаганына караганда, өзүнө каршы тергөө иш-аракеттери анын «Новая газета» басылмасында жарыяланган "Бекбийке Ольганын сыры..." деген макаласына байланыштуу болушу ыктымал.


Макалада "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечин дүйнөдөгү эң кымбат яхталардын бири менен байланыштырган жоромол камтылган. Бул яхта бери дегенде 100 миллион АКШ доллары менен бааланган.

Макала оппозициянын эң көрүнүктүү гезити болгон «Новая газета» басылмасынын 2016-жылдын август айындагы санына жарыяланган. Ал кезде Анин мырза аталган гезиттин журналисттик иликтөө бөлүмүндө иштеп жүргөн.

"Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин сотко арыз менен кайрылган. Сот жалаа жаап, өз ар намысына шек келтиргендиги тууралуу Сечиндин доосу боюнча "Новая газета" басылмасын күнөөлүү деп тапты.


"Новая газетанын" редакциялык жамааты өз билдирүүсүндө эски иш быйыл март айында "Роснефть" компаниясы "Важные истории" порталына каршы доо арыз бергенден кийин кайрадан козголгонун билдирди.

"Азыр Роман Анин менен болуп жаткан окуялардын бардыгы – өч алуу аракети", – деп редакциялык кеңеш билдирди.

Эркин журналистке каршы жаңы кадам Анин мырза ФСБнын башчысынын жаңы орун басары Сергей Королев Орусиянын бир нече уюшкан кылмыштуу топторунун лидерлери менен байланышы бар деген жоромол камтылган иликтөө ишин жарыялагандан бир нече апта өткөндөн кийин жасалды. (TT)

XS
SM
MD
LG