«Кыргызгидромет» борбору болжоп жазган маалыматка караганда 23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…+3 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +6…+8°, күндүзгү температурасы +18…+20° болот.
Дагы караңыз
Коронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү БишкектеМинск жана Варшава жыйындары беларус оппозициясына тилектештик көрсөттүКыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо башталдыБлинкен НАТОдогу өнөктөштөр менен сүйлөшүү үчүн Европага жөнөдү«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштадыТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 800 млн. куб метрге түштүСирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болдуДепутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыМинистр Ажыкеев курулуш компанияларын сындадыБайсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмес