Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Минск жана Варшава жыйындары беларус оппозициясына тилектештик көрсөттү


Беларустагы демократиялык жаңыланууну колдогон коомдук чара. Сеул, Түштүк Корея. 2021-жылдын 21-марты.
Беларустагы демократиялык жаңыланууну колдогон коомдук чара. Сеул, Түштүк Корея. 2021-жылдын 21-марты.

21-мартта Минск шаарында, Беларустун башка шаарларында жана Польшанын ордо шаары Варшавада нааразылык жыйындары өткөрүлдү. Бул нааразылык чараларынын катышуучулары өткөн жылдын августундагы Беларустагы президенттик шайлоодогу добуштардын бурмаланган жыйынтыгын четке кагууну ырааттуу талап кылып жаткан оппозицияны колдоого алышты.

Белоозерск (Белаазёрск) жергесиндеги нааразылык чарасындагы ураандар менен желектер. Беларус. 2021-жылдын 21-марты.
Белоозерск (Белаазёрск) жергесиндеги нааразылык чарасындагы ураандар менен желектер. Беларус. 2021-жылдын 21-марты.


Минск шаарынын Сухарево районунда аялдар тынчтык жүрүшүн өткөрүп, оппозициялык маанайдагы башка аялдарга тилектештигин билдиришти.

Беларус оппозициясынын 2020-жылдын 9-августунан учугу уланган нааразылык чаралары Александр Лукашенконун кызматтан дароо кетишин, калыс шайлоолорду кайра өткөрүүнү, камактагы саясий туткундарды дароо бошотууну талап кылып, дээрлик күн сайын ар кандай түрлөрдө уюштурулуп келет.

Беларустагы оппозицияга тилектештик чарасы. Львов шаары, Украина. 2021-жылдын 21-марты.
Беларустагы оппозицияга тилектештик чарасы. Львов шаары, Украина. 2021-жылдын 21-марты.

Жекшембиде Минск шаарынын жанындагы шаарчаларда да чакан демонстрациялар өткөрүлдү.

21-мартта Украинанын батышындагы Львов шаарында жана Түштүк Кореядагы Сеул шаарында да беларус оппозициясын колдогон нааразылык чаралар уюштурулду.

Интернеттеги коомдук тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө оппозициянын туусун көтөрүп, демократияны жактаган ураандарды чакырган кишилер тартылган. Алар 1918-жылы бир жылга жетпеген убакытта өкүм сүргөн Беларус Элдик Республикасынын түзүлгөн күнү – 25-мартта өлкө боюнча ири нааразылык чараларын уюштурууга чакырышууда.

21-мартта Польшанын борбору Варшаванын маданият жана илим сарайынын маңдайына чогулган демонстранттардын чакан тобу Беларус оппозициясынын желектерин булгалашты жана коңшу өлкөдөгү оппозициячыл күчтөргө тилектештик билдирген ураандар жазылган жарнактарды көтөрүп чыгышты.

Ал эми Литва парламенти Беларустагы саясий кризистен чыгуу үчүн бул өлкөгө жардам берүү жолдорун талкуулай турган атайын шеринени 22-мартта Вильнюс шаарында бозгундагы Светлана Тихановскаянын кеңсеси менен биргелешип өткөрөөрү алдын ала маалымдалган.

Беларустун мурдагы улуттук желегин көтөргөн айымдар. Малое Запрудье кыштагы, Беларус. 2021-жылдын 1-марты.
Беларустун мурдагы улуттук желегин көтөргөн айымдар. Малое Запрудье кыштагы, Беларус. 2021-жылдын 1-марты.


Кыска маалымат.

«Беларус Элдик Республикасы» (БЭР) деп аталган алгачкы демократиялык республика кайзердик Германиянын Чыгыш Европадагы баскынчылыгынын жана талаш-тартыштуу Брест тынчтык келишиминин жактырылышынын кырдаалында жүргөн. 2018-жылдын ноябрында, кайзердик Германиянын өзү элдик ыңкылапка кабылган чакта, Советтик Орусия Брест тынчтык келишимин жокко чыгарган. Ошол жылдын декабрында Минск шаарын орусиялык большевиктер басып алышкан жана эгемен БЭРдин күнү бүткөн.

БЭРдин ак – кызыл – ак түстөгү желеги 1991–95-жылдары пост-советтик Беларустун расмий желеги болуп калган. Аны кийинчерээк Лукашенконун режими референдумдун бурмаланган жыйынтыгы аркылуу четке кактырган. Эми болсо Лукашенконун режими бул түстөгү желекти көтөргөн оппозиция өкүлдөрүн «ашынгандыктын» эн белгисин колдоочулар катары куугунтуктап келет. (TT)

XS
SM
MD
LG