Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи отуруму 18-мартта өттү.

Анын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Алар Кыргызстанда кабыл алынган концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана мыйзамдарды анализдеп чыгып, карама-каршы келген мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирет.

Анын жыйынтыгы менен жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат.

Эксперттик топту вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жетектейт.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. 10-мартта ведомстволор аралык эксперттик топ түзүү тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG