Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Блинкен НАТОдогу өнөктөштөр менен сүйлөшүү үчүн Европага жөнөдү


АКШнын МАмкатчысы Энтони Блинкен ишкер чөйрөлөр менен онлайн кереге кеңеш маалында. Токио, Жапония. 2021-жылдын 16-марты.
АКШнын МАмкатчысы Энтони Блинкен ишкер чөйрөлөр менен онлайн кереге кеңеш маалында. Токио, Жапония. 2021-жылдын 16-марты.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Жо Байдендин трансатлантикалык байланыштарды калыбына келтирүү иш-аракеттеринин алкагында 22-мартта Брюсселге келип, НАТО жана Европа Биримдигинин лидерлери менен жолугушат.

Блинкен 23-мартта жана 24-мартта НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Ал шериктер жана НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен кеңешет, деп Мамлекеттик департамент билдирди.

АКШ Мамдепартаменти Брюсселдеги жолугушуулар "Байдендин администрациясынын трансатлантикалык ынтымакты чыңдап, НАТО аркылуу өнөктөштөр менен болгон байланыштарыбызды жандандырууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү баса белгилөө" максатын көздөйт, деп белгиледи.


Күн тартибиндеги темалардын катарында Кытай менен Орусияга байланыштуу көйгөйлөр, ошондой эле НАТОнун Ооганстандагы ролу, киберкоопсуздук, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүшү, отун-кубат тармагындагы коопсуздук жана башка жалпы көйгөйлөр бар, деп Мамлекеттик департамент кошумчалады.


Брюсселде жүргөндө, Блинкен Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Биримдигинин тышкы саясат тармагынын жетекчиси Жозеп Боррелл менен да жолугушат. Тараптар “COVID-19” пандемиясынан арылуу көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү жана демократияны мындан ары чыңдоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзөт. (TT)

XS
SM
MD
LG