Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи отуруму 18-мартта өттү.

Анын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Алар Кыргызстанда кабыл алынган концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана мыйзамдарды анализдеп чыгып, карама-каршы келген мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирет.

Анын жыйынтыгы менен жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат.

Эксперттик топту вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жетектейт.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. 10-мартта ведомстволор аралык эксперттик топ түзүү тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Венеция комиссиясы: Бийлик бир адамдын колуна топтолотАКШ-КЭР: Аляскадагы сүйлөшүүлөр кызуу жүрүүдөБлинкен НАТОдогу өнөктөштөр менен сүйлөшүү үчүн Европага жөнөдүКоронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү Бишкекте«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштадыТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 800 млн. куб метрге түштүСирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болдуДепутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыМинистр Ажыкеев курулуш компанияларын сындадыБайсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмесАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыАвстралияны суу каптады21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулган