18-мартта АКШнын Аляска штатындагы Анкориж шаарындагы жолугушууга Вашингтондон мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, ал эми Бээжинден Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи менен тышкы иштер министри Ваң И келген.
«Чү» дегенде эле эки дүйнөлүк ири мамлекеттин башкы дипломаттары протоколдон тышкары кетип, бир-эки мүнөттүк сылык саламдашуулардан кийин эле маалымат каражаттарынны өкүлдөрүн чыгарып жибербей, камералардын алдында бири-биринин сөзүн бөлүп, кызыл чеке болуп талашка түштү.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен түз эле Бээжиндин Шинжаңдагы этностук азчылыктарга кысымы, Гонконг менен Тайвандагы өктөм саясаты жаатында кеп козгоду.
«Бизде чоң кооптонуу жараткан Кытайдын Шинжаң, Гонконг жана Тайвандагы аракеттерин, АКШга болгон киберчабуулдарын, биздин өнөктөргө болгон экономикалык кысымдарын бүгүн карашыбыз керек. Мындай аракеттердин ар бири дүйнөлүк туруктуулукту сактаган эрежелерге коркунуч жаратууда», - деген Блинкен Кошмо Штаттар бул көрүнүштөргө эч качан көз жуумп койбой турганын айтып чыкты.
Блинкендин сөзүн жымсалдоого аракет кылган Жейк Салливан «Биз жаңжал издеген жокпуз. Катаал атаандаштыкты кабыл алабыз, бирок биздин элдин жана биздин өнөктөштөрдүн принциптерин дайыма коргойбуз», - деди.
Жолугушуунун Бээжинди айыптоолор менен башталганына ачууланган КЭРдин башкы дипломаты Ян Цзечи Кытай АКШнын күч турумунда үстөмдүк кылып сүйлөө маанайын кабыл албастыгын, Америка Кошмо Штаттарында да адам укуктары бузулуп, «кара түстүү адамдар көз көрүнөө өлтүрүлүп» жатканын белгиледи.
Ал Шинжаң Уйгур автоном району менен Гонконгдогу көйгөйлөрдү «Бээжиндин ички иши» деп атап, Вашингтонду ага кийлигишпөөгө, ортодогу тирешүүнү токтотуп, «кансыз согуш доорунан калган менталитетти» жоюуга чакырды.
«Америкалык тарап бүтүндөй дүйнөнү эмес, АКШнын өкмөтүнүн гана оюн билдире алат», «калкынын саны жана өнүгүү тенденциялары боюнча Батыш дүйнөлүк коомчулуктун пикирин чагылдырбайт», - деп 15 мүнөттүк сөзүндө өзү да бир катар кесе билдирүүлөрдү жасаган Ян Цзечи «Кытай 1,4 миллиард калкы бар кудуреттүү өлкө» экенин, «Кытайды эч ким кыстай» албастыгын бир нече ирет кайталады.
«Аймактык көйгөйлөргө токтолсок, АКШ өзүнүн аскердик жана каржылык гегемониясына таянып, улуттук коопсуздук маселесин көтөрүп, кээ бир мамлекеттерде аскердик юрисдикциясын сактап келет. Муну менен ал соода-сатыкты басып, башка өлкөлөрдү Кытайга каршы козутууда», - деп ал АКШнын саясатын да катуу сындады.
Буга кошумча Вашингтондун өкүлүнүн киберчабуулдар боюнча айыптоолоруна ал «жаңы технологиялар боюнча америкалыктар да ашпаса, артта калышпайт» деп жооп берген.
Мартта америкалык «Microsoft» компаниясы Кытай бийлиги колдогон хакерлер АКШдагы кеминде 20 миңдей уюмдун маалыматтарын уурдоого аракет кылышканын кабарлаган. «Bloomberg» анда бул уюмдарга тиешеси бар дүйнөдөгү 60 миңдей мекеме коркунучка кабылганын билдирген.
Ал эми Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И Бээжиндин өкүлдөрү Вашингтондун өтүнүчү менен Америка жеринде жолугушууга макул болгонун, ага карабай жолугушуунун алдында АКШ жогорку даражалуу кытай аткаминерлерине санкцияларды киргизгенин катуу сындады.
Эки өлкө ортосундагы чыңалган алаканы жумшартуу үчүн «стратегиялык маанилүү» делген жолугушуу алдында АКШда кытайлык телеканалдардын лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө сөз чыгып, маалымат технологияларын чыгарган кытайлык компаниялардын иши улуттук коопсуздукка байланыштуу текшерилип, Вашингтон Гонконгдогу окуяларга байланыштуу бир катар санкцияларды кабыл алган.
Ошентип биринчи күнкү сүйлөшүүлөрдүн кийин Вашингтондун өкүлдөрү кытайлык кесиптештерин протоколду сактабай, эки мүнөттүк кайрылуулардын ордуна узак кеп-cөзгө өтүшкөнүн айыпташты.
Ак үйдүн бир өкүлү бул жолугушууга келген бээжиндик өкүлдөрдүн аракетин: «Кытайлык делегация калайык алдында көрүнүп алуу үчүн келгендей өңдөнөт. Ток этер жерин айтпай эле театралдык жана драмалык ишарага өтүштү», - деп мүнөздөдү.
Ал эми Кытай тарап жолугушууга «ак ниеттен» барганын айтып, америкалыктардын конок тосуу адебин сакташпаганына нааразы болушкан.
Алдыда сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү бар.
Февралда АКШ менен Кытай лидерлери телефондон байланышканда Си Цзинпин Жо Байденге эки өлкө ортосундагы келишпестиктерди «бүтүндөй дүйнө үчүн катастрофа» катары баалап, сый мамиле менен мунасага келүүнү туура көрөрүн айткан.
Ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан, америкалык президент Вашинтондун жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Бээжин менен кызматташтык улантыла тургандыгын билдирген.
Эки кубаттуу дөөлөттүн өз ара мамилелери бир катар саясий, экономикалык жана адам укуктарына байланышкан маселелерден улам кыйла солгундаган.
Коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөгөн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп былтыркы март айынан тартып Кытай лидери менен сүйлөшкөн эмес.