Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялады. Эми ал корутундуну расмий Бишкек эске алабы?
Венеция комиссиясынын расмий интернет барагына жайгаштырылган документ 41 барактан турат. Ал жерде жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамда каралган президенттин, өкмөт башчынын жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына анализ берилип, айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтире турганы жазылган.
Комиссия Конституциянын жаңы редакциясындагы бир катар беренелерди мисал катары келтирген.
Алардын бири – 70-берене. Ал жерде "президент министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт" деп жазылып турат. Венеция комиссиясы мындан улам мамлекет башчынын укуктары ашкере көбөйтүлгөнүнө, ошол эле учурда аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийликтери алсырай түшкөнүнө басым жасаган.
Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева корутунду тууралуу мындай пикирин ортого салды:
"Венеция комиссиясынын корутундусун кийлигишүү катары баалабашыбыз керек. Анткени Кыргызстандын атынан Акыйкатчы институту расмий кайрылып, жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамга баа берүүсүн өтүнгөн. Чындыгында эле Конституциянын жаңы редакциясы чийки болуп, беренелердин ортосунда карама-каршылык бар. Ыйгарым укуктардын көпчүлүгү президентке берилип кеткен.
Биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жаткан жокпуз, жаңы Конституция кабыл алып жатабыз. Андыктан шашылыштын такыр кереги жок эле. Биз болсо эки айдын ичинде жазып чыктык. Эгерде Венеция комиссиясынын кеңештери менен макул болбосок, анда Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келет. Жыйынтыгында инвестициялык климатка таасир этиши толук мүмкүн".
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун биргелешкен корутундусунда Курултай институтунун укуктары так көрсөтүлбөй калганы да жазылган. Мындан тышкары министрлер кабинетин жетектеген адамдын укуктары дээрлик камтылбай калганы да айтылган.
Буга чейин юридика тармагындагы беделдүү эл аралык орган болуп саналган Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча “Конституциянын жаңы долбооруна чейин жаңы парламент шайланып келсе жакшы болмок” деген корутундусун жарыялаган. Эгерде жаңы Баш мыйзамды жаңы парламент даярдаса, анда Конституция көбүрөөк легитимдүү боло турганын белгилеген.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Венеция комиссиясынын корутундусу ушундай болоорун алдын ала билгенин айтып, 10-январдагы референдумда кабыл алынган элдин чечимин сыйлоо зарыл деп белгиледи:
"Мыйзам чыгаруу, сот бийлиги парламентте эле калды. Президентке болгону аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары берилди. Мамлекетти башкаруу түрүн 10-январда эл тандады. Парламенттик башкарууда жоопкерчилик болгон эмес. Аны түптөгөн партиялар дагы эч нерсеге жооп бербей келген. Биз сунуштап жаткан Конституциянын 89-беренесинде "президент жеке жоопкерчиликти алат", - деп жазылып турат. Аны эмнеге эске алышпайт?"
Талаш жараткан Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон.
21-мартка карата Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга 14 үгүт тобун каттады. Анын ичинен 10 топ референдумда "макул" деп, төрт топ болсо "каршы" деп добуш берүүгө үгүт жүргүзөт.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов үгүт топторунун ыйгарым укуктары боюнча буларды айтты:
" Жол-жобо жана мөөнөтү шайлоо учурундагы үгүт иштерине эле окшош. Топтор каттоодон өткөндөн кийин өзүлөрүнүн шайлоо фондундагы каражаттарды колдонуп үгүт жүргүзгөнгө акылуу. Мындан тышкары үгүт топторуна мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарынан акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилет. Үгүт топторун каттоо мөөнөтү жок. Референдум өткөнгө чейин мындай топтор БШКдан каттоодон өтө берсе болот".
Мыйзам боюнча жалпы шайлоочулардын 30% келбесе, анда референдум өттү деп эсептелбейт. Бирок, Кыргызстандын тарыхында бийлик демилгелеген референдум ишке ашпай калган учур боло элек.
Жыйырманчы жолу өткөн жүрүш
Кыргызстандагы жарандык коомдун бир бөлүгү Баш мыйзамдын өзгөртүлүп жатышына каршы болуп, өз турумун ар кандай жол менен билдирип жатышат.
Бишкекте 21-мартта кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 40-50дөй адам катышкан. Алар жарандык активисттерге кысым болуп жатканын билдирип, камакта жаткан "Ханституцияга каршы" борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулунун бошотулушун талап кылышты.
Тынч марш адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин болду. Жарандык активист Улан Үсөйүн буларга токтолду:
"Бул Баш мыйзам эмне үчүн "Ханституция" деген атка конду? Себеби Талант Мамытов президенттин милдетин аткарып турганда Конституциялык кеңешме түздү. Анын укугу жок болчу. Мындан тышкары азыркы Жогорку Кеңештин Конституцияны демилгелегенге укугу жок болчу. Анткени алардын легитимдүүлүгү боюнча маселе бар. Бийлик бул Баш мыйзамды мыйзамсыз жол менен сүйрөп келе жатат".
2020-жылдын 17-ноябрында парламент сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору чыгарылып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.
20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып, 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов референдумга каршы чыккандар дайым эле болуп келгенин айтат:
"Мен бир нече жолу күбө болдум. Конституция алмашкан сайын "бул жарабайт, биз тааныбайбыз" деген азчылык чыгат. 2010-жылы дагы ушундай болгон. Бирок ошол эле күчтөр, ошол эле саясатчылар 2010-жылдагы Баш мыйзамды эң туура, эң ыйык, кол тийгис текст катары кабыл алып жатпайбы".
Президент Садыр Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосуна эксклюзивдүү интервью берген маалда Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик биринчи кезекте Конституциялык кеңешмеде, экинчиден Жогорку Кеңеште, анан барып - добуш берген жалпы элдин мойнунда боло турганын айткан эле.
Эгерде Кыргызстандын бийликтери авторитардык түзүлүшкө чындап багыт алчу болсо, анда Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) биргелешип даярдаган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутунду көңүлдөн сырткары калтырылат ко, деп айрым адистер кооптонууда.