Сенат Уильям Бөрнстү АКШнын Чалгын башкармалыгынын жетекчилигине бекитти

Уильям Бөрнс. 2019-жылдын 11-июлу.

АКШ Сенаты Уильям Бөрнстү Борбордук чалгын башкармалыгынын (CIA) директорлугуна бекитти. Анын талапкерлигине бир да сенатор каршы болгон жок. Жакынкы убакта Бөрнс ант берип, кызматка киришет.

30 жылдан ашык дипломатиялык кызматта иштеген Уильям Бөрнс (William Joseph "Bill" Burns) мырза Барак Обама президент болуп турган кезинде мамлекеттик катчынын (тышкы иштер министринин) орун басары болуп иштеген. Ал эми ага чейин 2005-2008-жылдары АКШнын Орусиядагы элчиси кызматын аркалаган.

Уильям Бөрнс 1990-жылдардын башында Москвадагы элчиликте да эмгектенген.

Дагы караңыз Кыргызстан – АКШ алакаларын чыңдоо үчүн биргелешкен комиссия түзүлөт

2015-жылы эс алууга чыккан Бөрнс өкмөттүк эмес кадыр-барктуу уюмдардын бири болгон Карнеги фондунун президенти болуп иштеген. Жо Байден президенттикке шайланган соң Уильям Бөрнстүн талапкерлигин өлкөнүн Чалгын башкармалыгынын директорлугуна сунуштаган.

Бөрнс Орусия жана Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары белгилүү. Ал орус тилин билет. Орусияда анын бир нече мемуары жарык көргөн.

Дагы караңыз

АКШ жана Кытай дипломаттары Анкорижде кайым айтышты УКМК депутат Марат Аманкуловду мыйзамсыз байыган деп шек саноодо Абхазиядан алынып келген машина ээлери митингге чыгыштыПрезидент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алдыКоронавирус күчөгөн маалда каза болгон дарыгердин ысымы ФАПка ыйгарылдыРеферендумга карата беш үгүт тобу катталдыӨзбекстанга Нарындан эт жана картөшкө экспорттоо тууралуу сүйлөшүү жүрдү Баткен менен Согди облус башчылары кызматташуу протоколун жаңылаштыАктивист Тилекмат Кудайберген уулу ачкачылык кармоону улантууда