Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Референдумга карата беш үгүт тобу катталды


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-апрелге дайындалган референдумду колдогон жана каршы үгүт жүргүзө турган топторду каттады.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан беш топтон сунуш түшкөн.

Үчөө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду колдогон, экөө каршы чыккан топ. Алардын баары тең каттоодон өттү.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.

11-мартта Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун талкуулап, бирок, Конституциялык кеңеш сунуштаган бойдон, эч өзгөртүү киргизбей туруп чукул кабыл алган.

Эми Конституциялык кеңешме иштеп чыккан бул долбоор боюнча жарандар 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.

Жаңы долбоор боюнча президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Аны жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын тандашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG