Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Өзбекстанга Нарындан эт жана картөшкө экспорттоо тууралуу сүйлөшүү жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунан Өзбекстанга эт жана картөшкө экспорттоо, биргелешкен текстил ишканасын ачуу аракеттери көрүлүп жатат.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-мартта өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жетектеген расмий топ Өзбекстандын Фергана облусуна иш сапар менен барган.

Анын жүрүшүндө "Bahodir log'on Tekstil" холдинги менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.
Аталган холдинг Ат-Башы районунда 100 орундуу кийим тигүүчү ишкана ача турган болду. Мындан тышкары бул холдинг кыргыз тарапка картөшкөнү отоп, түптөп, каза турган он трактор белекке берди.

Нарындан эт жана картөшкөнү Ферганага экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бүгүн Ферганадагы ишкерлердин бизнес форумунда эки облустун ортосундагы макулдашууларга расмий кол коюлат.

Ишкана ачуу жана экспорт маселеси качан ишке ашаары азырынча маалымдала элек.

Президент Садыр Жапаров быйыл 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган. Анда Нарын жана Фергана облустарында ишкердик байланышты түзүү боюнча келишимге кол коюлган.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү баштаган делегация Ферганага ушул келишимдин алкагында барды. (BsB)

XS
SM
MD
LG