Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Коронавирус күчөгөн маалда каза болгон дарыгердин ысымы ФАПка ыйгарылды


Фельдшердик жана акушердик пунктка дарыгер Күмүшбек Алтыкеевдин ысымын ыйгаруу аземи. 19-март, 2021-жыл.
Фельдшердик жана акушердик пунктка дарыгер Күмүшбек Алтыкеевдин ысымын ыйгаруу аземи. 19-март, 2021-жыл.

Сокулук районунун Комсомол айылындагы фельдшердик жана акушердик пунктка (ФАП) был тыр 2020-жылдын жай айларында эпидемиологиялык абал курчуган маалда иш учурунда коронавирус жугуп каза болгон, врач-кардиолог Күмүшбек Алтыкеевдин ысымы берилди. Дарыгердин атын ыйгаруу аземи 19-мартта өттү.

Иш-чарага Алтыкеевдин кесиптештери, Комсомол айылдык кеңештин депутаттары жана маркумдун туугандары катышты.

Күмүшбек Алтыкеев 1996-жылдан бери Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасында кардиолог болуп иштеген. Ага чейин Кызыл Кыя шаарында, Талас облусунда саламаттык сактоо тармагында эмгектенген. Өмүрүнүн 47 жылын медицинага арнаган тажрыйбалуу дарыгер катары таанылган.

Алтыкеев 2020-жылдын 16-июлунда өпкөсүнөн кагынып (пневмония), өзү иштеген Бишкек шаардык № 1 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус катталган бир жылдан бери бул оору 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жугуп, анын 104ү каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты. (GT\ErN)

XS
SM
MD
LG