ДССУнун эксперттери AstraZenecaнын айланасындагы абалды талкуулайт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вакциналардын коопсуздугу боюнча эксперттери AstraZeneca препаратынын айланасындагы абалды талкуулайт. Бул жолугушуу 16-мартта өтөт.

Буга чейин Европадагы бир катар мамлекеттер Оксфорд университети менен британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип коронавируска каршы чыгарган вакцина менен өз жарандарын эмдөөнү токтотконун жарыялаган.

Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону боюнча маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca компаниясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар далилдене электигин айтып, вакцинадан баш тартпоого чакырган.

Буга карабай 15-мартта Евробиримдиктеги үч ири мамлекет Франция, Германия жана Италия аталган вакцина менен эмдөөнү убактылуу токтотконун билдирди. Кийинчерээк Португалия, Испания, Латвия жана Словения да дал ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.

AstraZeneca Британиядагы Оксфорд университетинин адистери менен биргеликте даярдалган. Компания бардык клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн жана дарынын эч кандай зыяны жок экенин билдирүүдө.

Дагы караңыз

Өзбекстанда коронавирустан улам айрым мектептер аралыктан окутууга өттү Министр: Коронавирус илдети күчөсө, чектөө болушу мүмкүнАКШ Кыргызстандын Ирактан балдарды алып келгенин кубаттадыБУУнун чабарманы Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жаңы формат түзүүнү сунуштадыMуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкканы белгилүү болдуБлинкен АКШ-Жапония алакасын бекемдөөгө чакырдыӨкмөт: Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмаштыӨкмөт Ирактан 79 баланы алып келди