Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмашты


 "Мегаком" компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси
"Мегаком" компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси

"Мегаком" деген соода бренди катары таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын башкы директору алмашты.

Аталган компаниянын маалыматына караганда, Акылбек Жамангулов башка ишке өткөнүнө байланыштуу 16-марттан тартып өз каалоосу менен башкы директорлук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Ордуна Азат Базаркулов дайындалды. Ал буга чейин "АКнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору болуп иштеген. 2012-2018-жылдары "Альфа Телекомду" жетектеген.

Ал эми Акылбек Жамангулов компанияны 2018-жылдын 24-октябрынан бери башкарып келген. Анын кайсы кызматка барганы маалымдала элек. (NT)

XS
SM
MD
LG