Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

БУУнун чабарманы Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жаңы формат түзүүнү сунуштады


Сириядагы жарандык согуштун башталганына 10 жыл толду.

Кийинчерээк террордук уюмдар да аралашып кеткен оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышуусу жүз миңдеген адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон адам качкынга айланды.

Бул датаны утурлай Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Гейр Педерсен жаңжалды жөнгө салуу үчүн “жаңы эл аралык формат” түзүүнү сунуштады.

Педерсен 15-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги онлайн брифингде сүйлөп жатып, жаңы форматка АКШ, Орусия, Иран, Түркия, Евробиримдик жана араб өлкөлөрү кириши керектигин белгиледи. Анын айтымында, 10 жылдан бери уланып жаткан конфликтти токтотуу үчүн эл аралык дипломатия чечкиндүү чара көрүшү керек.

Жакында Орусия, Түркия жана Сирияга зыярат кылган Педерсен бул маселе боюнча “тынч дипломатиянын” кезеги келгенин билдирди. Ал "жаңы форматтагы" сүйлөшүүлөрдү баштоодон мурда жакшылап анализ жүргүзүү керектигин кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы, Германия, Франция, Италия жана Британиянын тышкы иштер министрлери Улуттар Уюмунун Сириядагы өкүлүнүн жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракетин колдой турганын билдирди.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, 10 жылдык куралдуу жаңжалдын кесепетинен кеминде 388 652 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG