Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Өзбекстанда коронавирустан улам айрым мектептер аралыктан окутууга өттү


Өзбекстандагы мектеп
Өзбекстандагы мектеп

Өзбекстандын борбору Ташкенттеги айрым мектептер аралыктан окутуу режимине өтүүдө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай кадамды коронавирустун тарашына каршы чара катары түшүндүрдү. Соңку күндөрү өлкө аймагында СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө.

14-мартта Өзбекстанда 111 адамдан вирус аныкталды. Бир күндө 100дөн ашык адам коронавирусту жугузуп алган учур бул мамлекетте акыркы жолу декабрда катталган болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө инфекциялангандардын саны өсүп жатканын ырастап, бирок “социалдык тармактарда айтылгандай, абал коркунучтуу эмес экенин” билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым ооруканалар толуп калганы боюнча билдирүүлөр тараган.

Ал эми Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 16-марттагы өкмөттүн жыйынын коронавируска байланыштуу божомолду жарыялады. Анын маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал эки жол менен өнүгүшү мүмкүн.

Оптимисттик божомол боюнча өлкөдө вирусту жугузгандардын саны суткасына 500 адамды түзүшү мүмкүн. Эгер күнүнө илдетке кабылгандар 1700дөн ашса, анда кырдаалдын оорлошконунан кабар берээрин министр кошумчалады. Учурда Казакстанда күн сайын 850-1000 адамдан вирус аныкталып жатат.

Буга чейин Нур-Султан, Алматы шаарлары жана Батыш-Казакстан облусу вирус тез жайылып жаткан аймак катары таанылган.

Расмий эсеп боюнча Өзбекстанда 80678 адам, Казакстанда 225 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алган.

XS
SM
MD
LG