Президенттин өкүлү саясий куугунтук тууралуу айыптоолорго макул эмес

Анарбек Калматов, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептейт. Ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште депутат Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнө жооп берип жатып, “Ирина Юрьевна Абдил Сегизбаев мыйзамсыз камалганын айтты, эмне үчүн Фарид Ниязов алигүнчө үй камагына чыгарылган жок деп жатат. Чыгарылбаса, демек, алар ал жакта мыйзамдуу отурушат. Бул үчүн өлкөдө көзөмөл органы бар” деп жооп берди.

Калматовдун айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясынан кийин дароо президенттик аппараттын бардык кызматкерлерин, кечээ, 3-февралда дайындалган өкмөттү чогултуп, таза иштөөгө, мурдагы бийликтердин катасын кайталабоого чакырган.

Депутат Карамушкина парламенттин бүгүнкү жыйынында эл жаңы бийликтен кардиналдуу өзгөрүүлөрдү күтүп, бирок көңүлү калып жатканын, себеби мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын камоо уланып, президенттик шайлоого катышкан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ойдон чыгарылган жүйөлөр менен кармалганын белгилеген жана муну саясий куугунтуктун уландысы деп атаган. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баары үйгө чыгарылса да, Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов камалып отурганын белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

Парламентте Төрткүл суу сактагычы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталдыБишкекте мектептерди ачууну талап кылган акция өттү Кара-Сууда алты окуучу таттууга ууланып ооруканага кайрылдыКазакстанда жарандык активист Макс Бокаев абактан чыктыБаш мыйзамдын жаңы долбоору лингвистикалык экспертизадан өтүп жататКыргызстандын банк системасындагы абал талкууландыЗеленский: Телеканалдарга киргизилген санкция сөз эркиндигине шек келтирбейтЖапаров: Жаңы реформаларды жүргүзүүгө кеминде алты ай керек