Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстандын банк системасындагы абал талкууланды


Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Кыргыз сомунун курсунун кескин өзгөрүшүнө жол берилбеши керек. Мындай талап 4-февралда президент Садыр Жапаровдун Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушуусунда коюлду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, эл аралык каржы рыногундагы абалга мониторинг жүргүзүп туруу, Кыргызстандын экономикасын тышкы ыктымал коркунучтардан коргоо, каржы-насыя уюмдарынын туруктуулугун камсыз кылуу керектиги да айтылды.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Мисалы, башкы банк инфляциянын орто мөөнөттүү көрсөткүчүн 5-7% тегерегинде кармай алды, насыя топтому 11% көбөйдү, алтын валюта резерви 384 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 808 миллион долларды түздү.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банк 28-январда 45 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG