Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Кара-Сууда алты окуучу таттууга ууланып ооруканага кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2-февраль күнү алты окуучу таттууга ууланып, облустук балдар ооруканасына кайрылды. Алардын төртөө учурда неврология бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу облустук балдар ооруканасынын жетекчиси Шаятбек Абдурахманов билдирди:

«Алты баланын экөө алгачкы кароодон өткөндөн кийин үйлөрүнө кеткен. Бир бала реанимацияга түшүп, үч баланы неврология бөлүмүнө жаткырганбыз. Бүгүн реанимациядагы бала да неврология бөлүмүнө чыгарылды. Абалы жакшы, оорукананын бөлүм башчысынын жеке көзөмөлүндө».

Башкы дарыгердин айтымында, мектеп курагындагы балдар таттууну жегенден кийин титиреп, алсырап, көңүлдөрү айнып, куса баштаганда ооруканага кайрылышкан.

Балдар жеген таттуу экспертизага берилген, жыйынтыгы азырынча чыга элек.

2020-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернаттын 23 окуучусу тамакка ууланган учур катталган. (DU)

XS
SM
MD
LG