Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

Бишкекте мектептерди ачууну талап кылган акция өттү


Бишкектеги мектептердин бириндеги жаңы окуу жылынын башталышы. 1-сентябрь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бириндеги жаңы окуу жылынын башталышы. 1-сентябрь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

4-февралда Бишкек мэриясынын алдына чогулган 20дай киши мамлекеттик мектептерди, бала бакчаларды ачууну талап кылышты.

Алар Кыргызстандын башка аймактарында мектептер, башкалаада базарлар жана соода борборлору кадимкидей тартипте иштеп жаткан учурда онлайн окуу уланып жатканына нааразылык билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева башкалаада мамлекеттик мектептер менен бала бакчалардын ачылбай жатышынын себебин коронавирустун жайылышынын алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, аймактарга салыштырмалуу Бишкектин мектептеринде окуучулар өтө көп. Мындан улам вирустун жайылып кетүү коркунучу күч. Чыныбаева ата-энелер арасында балдарына коронавирус жугат деп кооптонгондор да көп экенин билдирди:

"Бишкекте 200 миңге жакын окуучу бар. Мектептер 211 пайызга толуп калган. Ооба, соода борборлору ачык, бирок ал жакка бир учурда 200 миң адам барбайт", - деди Чыныбаева.

Бишкекте 18-январдан бери 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары мектепте билим алып жатышат.

Мэрия калган класстар да мектептерде окууга өтөрүн пландаган. Эпидемиологиялык абалдан улам 30-январда аларды кадимки тартипте окууга өткөрүү убактысы кийинкиге жылган.

24-январда борбор шаардагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG