Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 19-январда билдирди.
Бул кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча. Ал эми 11-январдан баштап ооруну жуктуруп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон берилет.
Кенемте төлөө жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.
19-январдагы расмий эсепте өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и сакайып, 93ү кайтыш болду.
Өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн документтерди кабыл алууну ноябрда убактылуу токтотуп, жаңы жылдан кийин кайра кабыл алынарын билдирген. Документ чогултуу жараяны татаал болгондуктан, айрым медиктер кенемте ала албай жүргөнүн билдиришкен.
Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган. (SE)
Дагы караңыз
УКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирди«Ош электр» ишканасынын үстүнөн териштирүү башталдыАдвокат: Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартуудаКараколдо православдар чокундуруу майрамын белгиледи Путин Навальныйдан эмнеге коркот?АКШнын Федералдык тергөө бюросу спикер Пелосинин ноутбугунун уурдалышы боюнча ишти тергөөдөКарачай-Черкес аймагында ондон ашык адамды кар көчкү басып калдыАлексей Навальный 30 суткага камалдыЭл аралык федерация Беларусту хоккей чемпионатын өткөрүү укугунан ажыраттыАКШда Капитолийдин жанындагы ант берүү аземине даярдык үзгүлтүккө учурадыКоронавирус жок деген Түркмөнстанда ага каршы вакцина катталганы белгилүү болдуТажикстанда сексуалдык кылмыштар үчүн жазалар катаалдашты