Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

COVID-19 жуккан дагы эки медкызматкер көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки медициналык кызматкер каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова алар соңку сутка ичинде көз жумганын билдирди:

«Бири - Ош шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери. Экинчиси – Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы, педиатр».

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, санэпидкөзөмөл мекемесинин кызматкери Ош облус аралык ооруканасында жаткан, ал 62 жашта болчу. Ал эми Ысык-Көлдөгү педиатр 61 жашта болчу, ал облустук ооруканада дарыланып жаткан.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды, ооруканада жаткан 12 кызматкер айыгып, үйүнө чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгондордун расмий саны буга чейин төртөө болчу.

Алар - Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси, 2-майда каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, 2-июнда көз жумган Альберт Исмаилов, 30-июнда 70 жаш курагында жан берген Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова жана 2-июлда кайтыш болгон 59 жаштагы ноокаттык медайым. Ноокат аймактык ооруканасында көз жумган бул медайымдын аты-жөнү жарыяланган жок.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG