Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:22

Бишкекте микрохирург Бакыт Өмүрзаков оорудан каза болду


Бакыт Өмүрзаков. (Сүрөт маркумдун жакындарынын архивинен алынды).
Бакыт Өмүрзаков. (Сүрөт маркумдун жакындарынын архивинен алынды).

Микрохирург Бакыт Өмүрзаков 17-июлда пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Бакыт Өмүрзаков кийинки жылдары өзүнүн менчик клиникасында пластикалык хирург болуп иштеп жаткан. Жыйырма жылга жакын убакыт Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борборунда пластикалык хирург, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Балдардын тубаса косметикалык оорулары тууралуу илимий эмгектердин автору, медицина илимдеринин хирургия адистиги боюнча кандидаты болгон.

Кыргызстанда вирустан каза болгон медициналык кызматкерлердин саны, бейрасмий эсеп боюнча жыйырмадан ашты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде кайтыш болгондордун саны алтоо деп айтылып келе жатат.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. "Азаттыктын" бүгүнкү күнгө чейин канча дарыгерге канча сом төлөнүп берилгени тууралуу суроосуна өкмөттөн расмий жооп боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG