Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

УКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирди


Шектүү кармалган учур. УКМК кызматкерлеринин ортосунда турат. Сүрөт атайын кызматтыкы.
Шектүү кармалган учур. УКМК кызматкерлеринин ортосунда турат. Сүрөт атайын кызматтыкы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) Ички иликтөө жана коопсуздук Башкармалыгынын башчысы кармалганын 19-январда билдирди.

Атайын кызмат тараткан кабарда кармалган жетекчи 2014-жылдан бери Бишкек жана Ош шаарларынан 15 кыймылсыз мүлк сатып алып, жакындарына каттатканы белгиленген.

Андан тышкары Ош шаарындагы 13 кабаттуу үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммада инвестиция салганы жазылган.

УКМК баштапкы тактоолор анын кыймылсыз мүлктөрүнүн баасы 4 миллион АКШ долларына барабар экенин жана легалдуу кирешесине дал келбей турганын көрсөткөнүн кабарлады.

Шектүүнүн аты-жөнү расмий маалыматта Т.А.Р. деп кыскартылып берилген. Ал 18-январда кармалып, сотко чейинки өндүрүш башталганы белгилүү болду.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ага тиешелүү деп айтылган бир катар имараттардын сүрөттөрүн да жарыялады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз бөлүмү бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий берилбей турганын билдирди.

Мекеменин Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын Айбек Токоев жетектеп келген. Анын жакындары же адвокаты да комментарий берише элек. (SE)

XS
SM
MD
LG