Сот: Сайпидинов мамлекетке зыянды төлөп бергени үчүн үй камагына чыкты

Мунарбек Сайпидинов сотко келген учурда. Ош шаары. 13-январь, 2021-жыл.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө таратты. Анда кабарлангандай, шаардык сот 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 033 700 (1 миллион 33 миң 700) сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Сот чечимине ылайык, Сайпидинов Савай айылындагы үйүнөн тышкары чыгууга укугу жок. Ошондой эле тергөө учурунда суракка биринчи чакыруу менен келүүгө милдеттүү. Мунун баарына Ош шаардык милициясы жоопкер, ал эми анын жетекчиси көзөмөл кылууга тийиш.

Ошондой эле маалыматта шаардык сот Мунарбек Сайпидиновдун Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча шек саналып, кармалганы мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканы жазылган.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалган.

УКМКнын маалыматында Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын билдирген.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Ош шаардык соту 12-январда Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевди да үй камагына чыгарган. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Ош шаарындагы менчик ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткан.

Тургунбаев Сарай айыл өкмөтүндөгү Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөн, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген деп шек саналган. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалып камалган. (ZKo/MrA)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргенАКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунушту колдодуМамлекеттик гербге 27 жыл толдуКолунан ажыраган жоокердин иши Жогорку сотко өттүHRW: Куугунтук менен зомбулук азайган жокЖапаров: Мыйзамсыз иш кылса бир тууганым болсо да камагыла2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү Коронавирус дагы 136 адамга жукту, үч бейтап көз жумду