Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Колунан ажыраган жоокердин иши Жогорку сотко өттү


Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 21-август, 2021-жыл.
Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 21-август, 2021-жыл.

Аскердик кызмат өтөп жүрүп колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин адвокаты Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразылык келтирип, Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу жоокердин кызыкчылыгын коргогон өкмөттүк эмес «Кылым шамы» уюмунун юристи Агзам Душеналиев «Азаттыкка» билдирди.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Башкы штабды сотко берип, 5,2 млн. сом төлөп берүүнү талап кылган. Анын ичинен 1 млн. сом моралдык зыян үчүн, 4,2 млн. сом жоокердин колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу максатында суралган. Адвокаттын маалыматына караганда Бишкек шаардук соту бул ишти карап, Башкы штабды Руслан Сапарбаевдин үй-бүлөсүнө 950 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген токтом кабыл алган. Сапарбаев соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылууну чечкен.

Руслан Сапарбаевдин кырсыкка кабылышы боюнча соттук териштирүү мурда да болгон. Анда аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилген. Сот чечиминин негизинде Башкы штаб Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Башкы штаб ошондой эле жоокердин колуна протез сатып берүүгө убада берген.

«Кылым шамы» уюмунун маалыматы боюнча, мурда протезге деп берилген акчага жоокердин апасы жашай турган жери жок болгондуктан, үй сатып алган. Башкы штаб сотто жоокерге протезге акча төлөнүп берилгенин билдирүүдө.

Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы нөөмөт учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген.

Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү жана кырсыкка кабылган учурлары көп катталат.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG