Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

АКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунушту колдоду


Ак Үйдүн брифинг бөлмөсүндөгү сыналгы экраны. 2021-жылдын 13-январы.
Ак Үйдүн брифинг бөлмөсүндөгү сыналгы экраны. 2021-жылдын 13-январы.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. 13-январдагы талкуу палатада көпчүлүктү түзгөн демократтардын демилгеси менен өттү, чечимди бир нече республикачы конгрессмендер да колдоп беришти. Бул резолюция долбоорун колдоо үчүн зарыл болгон 218 добуштан көбүрөөк - 232 добуш берилди, 197 ага каршы берилди.

Эми бул чечимдин негизинде АКШ Сенаты президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек, азырынча бир да чечим андай босогодон өтө элек.

20-январда кызматынан кетип жаткан Дональд Трамп өлкө тарыхында эки жолу импичмент жарыялоо аракетине кабылган жалгыз президент болуп калды. Мунун алдында вице-президент Майк Пенс Конституциянын 25-түзөтүүсүнө таянып, Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирген.

Талкууга коюлган документте Трамп 6-январдагы Капитолийге кол салуу окуяларына байланыштуу өз тарапташтарын «козголоң чыгарууга козуткан» деген доо менен айыпталды. Ал күнү Трамптын тарапташтары баш калаадагы Ак Үйдүн жанында нааразылык митинг өткөргөндө, президент Трамп митингчилердин алдында чыгып сүйлөгөн. Ал өз кайрылуусунда 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоо «одоно мыйзам бузуу, добуштарды бурмалоо менен коштолду» деп жүйөсүз айткан дооматтарын кайталаган. Мындан тышкары, АКШ Конгрессинин эки палатасы 6-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий бекитүүгө чогулганда ага каршылык көрсөтүүгө чакырган.

Ак Үйдөгү митингден кийин жаалданган топ АКШ Конгресси отурган Капитолийге кирип барган. Кагылышуудан беш киши өлгөн. Трамп эртеси гана ал зомбулукту айыптаган.

Шаршембидеги (13-январдагы) Өкүлдөр Палатасынын отурумунда мыйзам чыгаруучулар адегенде процедуралык маселелерди колго салышты. Ал жактырылгандан кийин кызуу дебаттар болду.

Палатанын спикери, демократ Нэнси Пелоси айым: «АКШнын президенти биздин өлкөбүзгө каршы бул куралдуу козголоңго шыкактаганын билебиз», - деп билдирди. Ал Капитолийге чабуул койгон адамдарды «мекенчилдер» эмес, «ички террорчулар» деп атады.

Өкүлдөр Палатасындагы Трампты коргогон республикачылар «демократтар ал президенттикке келген биринчи күндөн бери эле импичмент жарыялоого аракеттенишүүдө» деп билдиришти.

Андан кийин республикачылар жарымын түзгөн Сенат териштирүү баштоого тийиш. Бирок Трамптын кызматтагы мөөнөтү аяктагыча Сенат отурумга чогула алабы, же сенаторлор ага үлгүрүшпөйбү, азырынча белгисиз. Биринчи импичмент жарыялоо аракети болгондо спикер Пелоси Сенатка тиешелүү документтерди өткөрүп бериш үчүн бир ай күткөн.

Шайланган президент Жо Байден 20-январда ант берип, кызматына расмий киришмекчи.

12-январда Трамп өткөн жумадагы окуя үчүн жоопкерчилик алуу жөнүндө чакырыктарды четке кагып, импичмент демилгесин «мастандарга аңчылык кылууга» теңеген.

Капитолийди ушу тапта Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарып турушат.

XS
SM
MD
LG