Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Башкы прокуратура: Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген


Чүй облусундагы тоолордун биринде тартылган сүрөт.
Чүй облусундагы тоолордун биринде тартылган сүрөт.

Башкы прокуратура Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги соңку эки жылда 7 290 366 сом зыян келтиргенин билдирди.

Бул тууралуу кабарды аталган мекеме өзүнүн порталына жайгаштырды. Анда белгиленгенге караганда агенттиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Натыйжада текшерүүчүлөр агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганын, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнүн жана башка кемчиликтерин аныкташкан.

Башкы прокуратура аныкталган фактыларды териштирүү үчүн 4-январда Жазык кодексинин 320-беренесинин экинчи бөлүгүнө («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») ылайык сотко чейинки териштирүүнү баштады.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы иш териштирилип жатканын бышыктады, бирок комментарий кийинчерээк берилерин билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин 2020-жылдын 13-ноябрынан бери Динара Кутманова жетектеп жатат. Ага чейин 2019-жылдан баштап агенттикти Мирслав Аманкулов жетектеп турган. (SE)

XS
SM
MD
LG