Токмокто зордукталган кыз үйүнө кайтып барды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өгөй атасы зордуктаганы айтылган өспүрүм кыз учурда Токмоктогу үйүнө, апасынын жана бир туугандарынын жанына кайтып барды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, кыз Республикалык психикалык саламаттык борборунда жатып дарыланган соң ооруканадан чыгарылып, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жеткирилген.

Кыздын адвокаты Шердор Абдыкапаров «өгөй атасынан кордук көргөн кызды Чүй облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы окуяны жаап-жашырып келген апасынын колуна кайтарып берди» деп «Азаттыкка» билдирген.

Буга байланыштуу министрликтин берген жообунда:

«4-январь күнү кыз апасынын жана бир туугандарынын жанына кеткиси келип жатканын билдирген. Балдар кодексинин 43-беренеси боюнча, 10 жаштан жогору балдардын асырап алуучу үй-бүлөгө, мыйзамдуу багып алуучу адамга барышы өзүнүн каалоосу менен гана жүргүзүлөт. Кыздын жана апасынын каалоосуна ылайык, Чүй облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын чечими менен кыз апасына берилди», деп жазылган.

Токмок шаарында 15 жаштагы небересин өгөй атасы зордуктап жүргөнүн айтып, чоң энеси милицияга кайрылган. Милиция бул окуя боюнча иликтөө баштап, зордуктоо үчүн шектүү адам камакка алынган. Кыздын кызыкчылыгын тергөөдө жана сотто Чүй облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы коргомокчу.

2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталган. Бул тууралуу Өкмөт Үйүндөгү басма сөз жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

«Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 25 жаран шектүү катары 48 саатка камалган. Алардын ичинен Бишкекте 13, Чүйдө беш, Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир жана Баткен облусунда төрт жаран кармалган», - дейт ал.

Жогорку соттун маалыматы боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 71 иш келип түшкөн. Жалпысынан 49 адам жапа чеккен. Арасында 11 жашы жете элек бала бар. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: 144 кишиден оору жаңы аныкталдыӨкмөт бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачууну көздөп жататБШК: 3,5 миллиондон ашуун шайлоочу добуш бере алатШайлоого карата 3 564 бюллетень кошумча чыгарылдыКТРК дебаттын видеосун «YouTube» каналына кайра жүктөдүПандемия ички туризмге көңүл бурууну эстетти Беларус: бийликтин «буюртмасын» ашкерелеген аудиоБишкек абасы эң кир деген шаарлардын рейтингинде сап башынан түшө элекАКШ бийлиги: Былтыркы декабрда аныкталган киберчабуулдардын артында Орусия турган сыяктанат