Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

COVID-19: 144 кишиден оору жаңы аныкталды


Кыргызстандагы лабораториялардын бири. 2020-жыл.
Кыргызстандагы лабораториялардын бири. 2020-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январга карата берген маалыматына ылайык, вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү дагы эле Бишкекте (60) катталды. Чүй облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 11, Ош облусунда - 10, Нарын облусунда – 3, Баткенде – 2, Талас облусунда – 1, Ош шаарында – 5 адамдан коронавирус лабораториялык жактан тастыкталды. Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар - 144 адам. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 81 656 адам болду.

Ошондой эле акыркы суткада оорудан 215 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны - 77 170 адам. Илдеттен Бишкекте бир адам көз жумду. COVID-19 вирусунан каза болгондордун жалпы саны 1361 адам болду.

Ушул тапта коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 912 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 624 киши орто оордукта, 224 адам оор абалда, ал эми 54 кишинин абалы өтө оор.

COVID-19 вирусуна чалдыккан үч адам Кыргызстанда алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG