Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

БШК: 3,5 миллиондон ашуун шайлоочу добуш бере алат


4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүүчүлөрдүн саны 3 563 574 болду. Шайлоочулардын эң акыркы тизмеси 2-январь күнү бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси БШКнын tizme.gov.kg. порталына жарыяланган. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандар даярдалууда.
БШКнын маалыматына караганда добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйдү.

Байкоочулар ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертишүүдө.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири жарыштан чыгып кетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG