Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга байланыштуу шектүү катары колго түштү. Аны кармаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүүнүн аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. Айрым жалпы маалымат каражаттары ал судья Камил Осмоналиев экенин жазышты. Бул ысым УКМК жарыялаган инициалга дал келүүдө.
Дагы караңыз "Биздин сотторго абийир жетишпейт"Шектүү Коррупцияга каршы күрөш кызматы топтогон фактылардын негизинде колго түшүп, Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен сотко чейинки териштирүү башталды.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» төмөнкү маалыматтарды берди:
«Ал киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктү, тандалма имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттаткан, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган фактылар аныкталган».
Ошондой эле ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын бергени тууралуу маалымат бар.
Дагы караңыз Соттордун "кара тизмеси" түзүлө баштадыМындан сырткары, өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага көп миллиондогон сом чыгым келтирген. Жогорудагы чечими үчүн мамлекеттештирилиши керек болгон мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган.
Шектүү 14-декабрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-декабрда анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына камоо жөнүндө чечим чыгарды.
«Азаттык» башка маалымат каражаттарында аты аталып жаткан судья Камил Осмоналиевге жана анын жакындарына азырынча байланыша албай жатат. Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат такталган соң комментарий берилерин билдирди. (SE)
Дагы караңыз
Казакстан: Жаңы-Өзөндө активисттердин кармалышына нааразы болгондор акимчиликке келиштиАКШ С-400 ракеталарын сатып алганы үчүн Түркияга санкция салдыӨзбекстандын мектептеринде жаңы жылдык балатыга тыюу салындыБишкекте атайын багыттагы мектептер жана бала бакчалар ишин баштайт