Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Бишкекте атайын багыттагы мектептер жана бала бакчалар ишин баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор шаарда атайын мектептер менен бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул маселе 14-декабрда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева, район акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери жана атайын мектептердин, бала бакчалардын директорлору катышкан кеңешмеде каралды.

Маалыматта: «Ар бир атайын билим берүүчү мекемеде санитардык нормалар катуу сакталышы керек. Кире беришке чыпкаларды коюу, класстын ичин желдетип туруу, беткап тагынуу жана ар бир баланын, педагогдун саламаттыгын журналга каттоо милдеттендирилет», деп жазылган.

Ошондой эле кеңешмеде жеке менчик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү пандемия шартында иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мэрия атайын билим берүү мекемелери көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ачылып жатканын белгиледи. Анда иштеген бардык кызматкерлер ПЧР-тест тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG