Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Алмаматовду качыруунун «алгоритми»


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Мурда 12,5 жарым жылга кесилген Насирбек Алмаматовдун жазасын айып пулга алмаштырып, анын өлкөдөн качышына өбөлгө түзгөн Бишкек шаардык сотунун үч судьясынын жоопкерчилиги карала элек.

Жарандык активисттер Башкы прокуратура судьяларга буйрук берген тарапты жаап-жашырыш үчүн бул ишти иликтөөнү кечеңдетип, мыйзамсыз өкүм чыгарган соттор жоопкерчиликкке тартылбай калганын айтып чыгышты. Башкы прокуратура бул иш иликтенип, аталган сотторго кылмыш ишин козгоого макулдук алууга байланыштуу материалдар Соттор кеңешинин тартип комиссиясына тапшырыларын билдирди.

Алмаматовдун мисалындагы сот адилеттиги

Жогорку сот 30-октябрда Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 9-июлундагы өкүмүн жокко чыгарып, аны 12,5 жылга кескен Октябрь райондук сотунун быйыл 25-марттагы өкүмү күчүндө калтырган.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ага «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде жана айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык чийимдерди түзгөн» деген айып коюп, иш бөлмөсүндө анын акча чогултуп отурган видео тасмасын да жарыялаган. Анын буга чейин да аталган департаменттен иштен алынып, бирок сот аркылуу кайра эки ирет кызматын калыбына келтирип алган аракети «Азаттыктын» төмөндөгү сюжеттинде көрсөтүлгөн:

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Насирбек Алмаматовду 12,5 жылга кесип, ал эми жайында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү бузуп, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны эркиндикке чыгарып жиберген болчу. Мындай өкүм чыкканын Бишкек шаардык соту үч айдан ашуун убакыт өткөн соң гана ырастаган.

Үч судьянын үстүндө ким бар?

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Насирбек Алмаматовду эркиндикке чыгарган шаардык соттун үч судьясы жоопко тартылбаса, анда бул иштин артында бийликтеги таасирдүү аткаминерлер турганын көргөзөт деп эсептей турганын билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Ал сотторго чара көрүлбөсө, анда аларга эң жогору жактан ошондой өкүм чыгарууга буйрук болгон деп шек саноого негиз берет. Анан дагы ал соттордун ишин тескеген бийлик органдары «карап жатабыз, текшерип жатабыз» дегендей болуп жатпайбы. Бирок азыркы абалдай болуп бул ишти иликтөө кечеңдеп, коомчулукту жазгырып, Алмаматовду качырып жиберген ал соттор жазаланбай калса, анда алардын артында өтө чоң күчтөр турганы баарыбызга белгилүү болуп калат. Бул президент убада берип, айтып келе жаткан сот реформасынын иш жүзүндө жүрбөй жатканынын далили катары дайыма мисалга алынып, айтылып кала берет. Бул кыңыр иш жөндөн-жөн эле унутулуп калышы мүмкүн эмес. Ошол фактыдан баштап тазалануу жүрбөй турган болбосо, анда бул иш жогорку бийликтин жана сот тармагынын бетине чиркөө болгон көрүнүш бойдон кала берет. Президент бул иштен кабардар болгондо «ошондой иш менен кармалган адам бошонуп кеткени эмне шумдук» деп айтканы туура. Ошол үчүн Жогорку сот ишти карап, мурдагы райондук сот чыгарган өкүмдү кайра калыбына келтирди. Бирок бул жерде президентти уят кылып, шаардык сотторго ким буйрук бергени азыр көмүскөдө калбадыбы. Ошолордун жүзүн ачып, токтотуш керек. Судьялар бул иште өзү билип эле чечим кабыл алып, 12,5 жылга кесилген адамды айып пул менен эркиндикке чыгарып жиберишмек эмес. Соттор өйдө жактан таасирдүү бирөөлөр ошондой буйрук бергени үчүн Алмаматовду бошотуп жиберишкен. Анан азыр да ошондой өкүм чыгарган сотторго жогору жактан тымызын колдоо болгону үчүн алардын жоопкерчилиги каралбай жатат. Себеби алар катуу териштирүү болуп, жанына күч келгенде ким буйрук бергенин айтып салышы мүмкүн. Ошондуктан бул ишти иликтөөнүн жыйынтыгы кечеңдеп жатат.

Бишкек шаардык сотунун сөз болуп жаткан өкүмүнөн кийин ага карата сотто мамлекеттик айыптоону колдогон Октябрь райондук прокуратурасы өз убагында апелляция берген эмес.

«Аталган орган азыр өз өтүнүчүнө каршы чыгып, Жогорку сотко кайрылууда. Прокуратуранын бул иш боюнча позициясы бир кылка эмес».

Бирок маалымат коомчулукка чыгып кетип, президент өзү териштирүүнү талап кылгандан кийин гана Октябрь райондук прокуратурасы Жогорку сотко апелляциялык негизде кайрылып, баштапкы сот өкүмү кайра калыбына келтирилген. Жогорку соттун комментарийине караганда бул ишти кароонун астында Бишкек шаардык сотунда Насирбек Алмаматовдун жазасын белгилөөдө прокуратура органы ага башында айып пул салууну сунуш кылып, соттун өкүмү чыгып, күчүнө киргенден үч ай өткөн соң ал кайра апелляция берип, мурдагы жазасын калыбына келтирүүнү суранган.

Жогорку сот бул маселе боюнча быйыл 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө прокуратуранын мурдагы жана кийинки позициясы бири-бирине кайчы келип, талаш жаратарын жашырган эмес.

Ошентип аны кайра кармап, камакка ала турган болгондо Насирбек Алмаматов эбак өлкөдөн качып кеткени белгилүү болду. Бирок салынган акчалай айыпты төлөй электе анын чек арадан кантип ээн-эркин чыгып кеткени табышмак бойдон калды. Ошол эле кезде анын оор жаза мөөнөтүн акчалай айыпка алмаштырып, анын өлкөдөн качышына өбөлгө түзгөн Бишкек шаардык сотунун үч судьясы ушул күнгө чейин жоопко тартыла элек.

Коомчулук өкүлдөрү коңгуроо какты

Ишти иликтөөнүн кечеңдешинен шекшиген жарандык активист Рита Карасартова башкы көзөмөл органына ал соттордун жоопкерчилигин кароо боюнча расмий түрдө кайрылуу жөнөткөнүн билдирди:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Биз Башкы прокуратурага «аталган соттордун иш-аракетине укуктук баа бергиле» деп кайрылдык. Эми ошол жактан жооп алгандан кийин биз бул иш боюнча материалдарды топтоп туруп, Соттор кеңешинин тартип комиссиясына кайрылабыз. Бирок Башкы прокуратура бүгүн иштесе, анын бардыгын бизге жеткирбей, бизди айттырбай эле өзү баштай бермек. Ошондо биз башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов он жолу генерал-майор чинин алса да унчукмак эмеспиз. Сот өкүмдөрүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети болчу. Сотко кызмат абалынан кыянат пайдаланып, өзүм билемдик менен мыйзамсыз чечим чыгарганы боюнча айыптоону да Башкы прокуратура гана коё алат. Башкы прокуратура иштегендин ордуна башын кумга катып жатып алган соң биз аны аракетке келтирели, ойготолу деп кайрылуу жибердик. Мыйзамды бузган бул сотторго карата ал жактан мыйзамдын алкагында кандай чара көрүлө турганын күтө туралы. Бирок алар бул маселени унуткарып, коомчулуктун көңүлүн башка нерселерге буруп, аягы барып такыр чара көрбөй турган болбош үчүн биз бул маселени улам алардын эсине салып турабыз. Себеби башкаларга сабак болушу үчүн ал соттор сөзсүз жазага тартылып, аларга укуктук баа берилиши керек. Соттор мыйзамсыз чечим кабыл алганы үчүн баары бир жазага тартыла турганын түшүнүшү керек. Мыйзамдуу чечим чыгарган соттор, албетте, жоопко тартылбайт.

Жогорку сот 30-октябрда ишти карап, шаардык соттун чечимин жокко чыгарган соң кайра камалууга тийиш болгон соттолуучу Насирбек Алмаматовду милиция издеп, аны жашаган жеринен таппай калган. Анын өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин белгилеген ички иштер органдары быйыл 4-ноябрда ага издөө жарыялаган. Бирок ага карата оор айып коюлуп, сот өкүмү күчүнө киргенине карабастан, Насирбек Алмаматовго эл аралык издөө Интерпол аркылуу эмес, КМШ аймагына гана жарыяланганы белгилүү болду. Демек, юристтердин айтымында, ал КМШ аймагынан тышкары жерде (мисалы, Түркияда) жүрө берсе, аны эч ким кармай албайт.

Ошол эле кезде оор коррупциялык кылмыш иши боюнча соттолгон Насирбек Алмаматовдун жазасын жеңилдеткен судялардын ысымдары коомчулукка ачыкка чыга баштады. Алар Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев жана Алмаз Карабеков экени белгилүү болду. Ал эми бул соттук жараянга катышкан үчүнчү судьянын ысымы азырынча белгисиз. Райондук сот Насирбек Алмаматовго чегерген 12,5 жылдык жаза мөөнөтү шаардык сотто кайсы мыйзамдын негизинде акчалай айып пулга алмаштырылганы тууралуу Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев телефон аркылуу жооп берүүдөн баш тартты:

- Сиз бул жакка келсеңиз. Бул жактан сүйлөшөлү... Ал боюнча азыр маалыматым жок экен...

Бирок аталган чуулгандуу сот өкүмүнүн таржымалы жана азыркы учурда жүрүп жаткан териштирүү боюнча Бишкек шаардык сотунун судьялары Адис Момуналиев менен Алмаз Карабеков кийин телефонун албай, шаардык сотто жолугушуп, чыккан өкүмдүн негиздүүлүгү боюнча маектешүүнү туура көрүшпөдү. Соттун катчысы кылмыш иштерин кароодон колу бошобой жатканын негиз кылып, «судья кийин өзү байланышка чыгат» деген боюнча кийин биз кайрылган суроо-талап боюнча эч кандай жооп болбоду.

- Судья сот жараянына чыгып кетти, - деди соттун катчысы. - Телефон номуруңузду калтырып койсоңуз, өзү сизге чалат. Ал киши келсе эле мен айтып коём. Бирок сиз бул жакка келе бересизби же жокпу, аны мен айта албайм. Анын сот жараянынан качан чыгарын билбейм. Ал жактан чыккандан кийин эле айтып коём. Өзү азыр эле процесске чыгып, ачкычын мага таштап кетти.

Ал эми Алмаматовду эркиндикке чыгарган сот өкүмү боюнча Бишкек шаардык сотунун аталган үч судьясынын үстүнөн териштирип, алардын соттук кол тийбестигин алып, кылмыш ишин козгош үчүн Соттор кеңешине кайрыла турган Башкы прокуратура азырынча бул маселе боюнча расмий түрдө үн ката элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова ал соттордун иши сөзсүз карала турганын айтып, бирок ал материалды иликтей турган башкармалыктын башчыларынын колу бошобой жатканына байланыштуу азырынча жетиштүү маалымат бере албай турганын билдирди:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

- Албетте, бул иш каралат. Азыр бул маселе боюнча жооп бере турган тиешелүү башкармалыктардын башчылары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сотто жарыш сөзгө даярданып, бардыгы ошол жакта жүрүшөт. Ал материалдар каякта, кимдин колунда экени жана текшерүүнү ким жүргүзүп жатканы боюнча маалыматтарды эртең билип берейин. Мындай маалыматтарды мен ошол башкармалыктардын башчыларынан гана сурай алам. Ошондуктан азыр бул боюнча кандайдыр бир маалымат бере албайм. Сотто жарыш сөздөр бүткөндөн кийин алардын колу бошоп калса, ошондо билип берейин. Азыр мен да ал жактан жооп күтүп жатам.

Ири коррупциялык иш боюнча соттолгон мурдагы аткаминердин эркиндикке чыгып кеткени жөнүндө маалымат үч айдан ашуун убакыт өткөн соң гана коомчулукка белгилүү болгон. Бул боюнча ишенимдүү булактар кабар берип, быйыл 14-октябрда Бишкек шаардык соту «Азаттык» радиосуна ал маалыматты расмий түрдө ырастаган. Ошондон кийин коомчулук өкүлдөрү узак мөөнөткө соттолгон адамдын эркиндикке чыгып кеткенине нааразы болуп, социалдык тармактарда «өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы жүзү мына ушундай» деген сын пикирлер көбөйгөн. Мындай жагдайда прокуратура кайра Жогорку сотко кайрылып, 30-октябрда Насирбек Алмаматовду эркинен ажыратуу боюнча баштапкы сот өкүмү калыбына келтирилген эле. Азыр эми Алмаматовду бошоткон сот өкүмүн чыгарган судьялардын жоопкерчилигин кароо эмне себептен кечеңдеп жатканы белгисиз.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев аталган судьялардын жоопкерчилигин кароону көзөмөлдөө анын ыйгарым укугуна кирбей турганын айтып, аны Башкы прокуратура гана териштире аларын белгиледи:

Санжар Исабаев.
Санжар Исабаев.

- Мен аны териштирейинчи. Ошондой кайрылуу бизге келип түшкөн болсо, аны мен көрөйүнчү. Бирок бул ишти карап чыгып, анын мыйзамдуулугу боюнча маселени Башкы прокуратура териштирет. Биздин бөлүмдүн профили башкача. Биз соттук реформа жана мыйзамдар боюнча иш алып барабыз. Мындай маселелерди Башкы прокуратура карап чыгып, териштирип, жыйынтыгын чыгарат. Менин билишим боюнча ал киши качып кеткен. Буга байланыштууу тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзүп жатышат. Биздин бөлүмдүн иши башка болгондуктан мен аны териштирүү милдетин өзүмө ыйгарып ала албайм. Соттордун жоопкерчилик маселесин Тартип комиссиясы карайт. Ал жакка бирөө кайрылып, сунуш берет.

Чекит коюлбаган чечимдер

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Закир Шарапов коррупцияга байланыштуу чуулгандуу иштер аягына чыкпай, жемкорлукка байланыштуу шек саналгандар кармалбай жатканын белгилеген. Депутат коррупция үчүн айыпталган адамдардын иштери сотко өткөндөн кийин алар эркиндикке чыгып кетип, бул үчүн судьялардын жоопкерчилиги каралбай калып кетип жатканы тууралуу маселе көтөрдү:

Закир Шарапов.
Закир Шарапов.

- Жазалоо ачык-айкын болуп, анан ишти кароо кечеңдебестен аны аягына чыгарып, жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланып турса жакшы болмок. Бүгүнкү күндө абдан чоң пара алып, кармалгандар тууралуу айтылып, кылмыш иштери ачылып, бирок ал иштердин акыркы жыйынтыгы жок болуп кетип жатат. Козголгон иштер сотко жеткенде изи сууп кетип жатат. Ошондуктан коррупцияга каршы иш жүрбөй жаткандай сезилип жатат. Адам кармалат. Тергөөчү өз тыянагын чыгарат. Иш сотко өтөт. Анан эле бошонуп кетип жатышпайбы! Бирок ошондой жыйынтык чыгарган тергөөчү менен сот кабыл алган чечимдерине жооп бербей жатпайбы?

Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айында ар кайсы инстанциядагы 12 судьяга кылмыш иши козголуп, үчөөнүн иши сотко өткөрүлгөнү белгилүү болду. Мындан тышкары тогузу соттун иши учурда тергөөдө экенин парламентте Башкы прокуратуранын өкүлү Исмаилов билдирди:

- Мындай иштер боюнча тиешелүү тергөө амалдарынын негизинде кылмыш иштери козголгон. Мисалы, 2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча үч судьяга кылмыш иши козголуп, иштери сотко өткөн. Бирок бул жерде судьялар кабыл алган чечимдер боюнча эмес, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар боюнча кеп болуп жатат. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 12 кылмыш иши тергелүүдө. Анын ичинен жанагы үч кылмыш иши сотко кеткен. Мында сотторду жоопко тартуунун мыйзамда каралган өзүнчө тартиби бар. Биз тиешелүү далил материалдарды топтоп, аларды Соттор кеңешине жөнөтүп, анан аларга кылмыш иштерин козгоого ал жактан макулдук алышыбыз абзел. Мына ошондон соң гана тергөө амалдарын жүргүзүүгө болот.

Буга чейин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттордун чыгарган чечимдерине карата коомчулукта нааразылык күч экенин айтып, буга карата тиешелүү мыйзамдык чараларды көрүп, соттордун жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл экенин белгилеген болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG