Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

Казакстан: Жаңы-Өзөндө активисттердин кармалышына нааразы болгондор акимчиликке келишти


Жаңы-Өзөндөгү нааразылык чарасы. 14-декабрь, 2020-жыл.
Жаңы-Өзөндөгү нааразылык чарасы. 14-декабрь, 2020-жыл.

14-декабрда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилигинин алдында он чакты киши топтолуп, бир күн мурда кармалган жергиликтүү активисттердин тагдыры жөнүндө маалымат берүүнү талап кылды.

Жекшембиде жаңы-өзөндүк эки активист - Муратбай Жумагалиев менен Нуржан Аренов жети күнгө камалганы жөнүндө маалымат тараган. Анын алдында активисттер социалдык тармактарга «Эгемендик күнүндө шаардык аянтка келип, Жаңы-Өзөн окуясынын курмандыктарын эскерип, куран окушарын» жазышкан. Акимчиликке келген кишилер эки активист эмне себептен кармалганын түшүндүрүүнү талап кылышты.

Чогулгандар менен шаар акиминин орун басары Амангали Нурдаулетов жана шаар прокурору Ермек Елубаев жолукту. Алар «эки активист элди митингге чакырып, мыйзамга каршы иш жасашканы» аныкталгандан кийин камалганын билдиришти.

Жаңы-Өзөндөгү тергөө изоляторунда орун жок болгондуктан, Жумагалиев Актау шаарындагы, Аренов Түпкараган районундагы абакка жеткирилген.

Акимчиликке келгендер 16-декабрда шаардык аянтка чогулуп, Жаңы-Өзөн окуясынын курмандыктарын эскеришерин айтышты.

2011-жылы Мангыстау облусунда мунайчылар нааразылык уюштуруп, бийлик аларга каршы күч колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча 17 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG