Прокуратура Бишкекте мыйзамсыз менчикке чыгарылган жер тилкелерин мамлекетке кайтарды

Айдоого мыйзамсыз түшкөн конуш. Иллюстрациялык сүрөт.

Свердлов райондук прокуратурасы баш калаанын Древесная жана Витебская көчөлөрүндө жайгашкан жер участоктору менчикке чыгышын мыйзамсыз деп таап, аларды мамлекеттик муниципалдык органга кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Прокуратура Древесная көчөсүндөгү 20,89 сотых жана Витебская көчөсүндөгү 6,78 сотых жерди менчикке чыгарууда Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери коррупцияга жол берген деп эсептейт. Башкы көзөмөл органынын маалыматында «алар Свердлов райондук администрациясынын токтомдорунун кɵчүрмɵлɵрүн жасап, мыйзамсыз түрдө жарандарга менчикке чыгарып беришкен» деп жазылган.

Натыйжада базар баасы 8 млн. 850 миң сомду түзгɵн 27,67 сотых (0,2767 га) жер участоктору мамлекетке кайтарылган.

Акыркы күндөрү Башкы прокуратура мыйзамсыз менчикке чыгарылган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзүп жатат. 30-ноябрдагы маалыматтарга караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз менчиктеп алган 530 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Ысык-Көлдөгү «Алтын көл» жана «Рохат» пансионаттарынын ортосундагы баасы 10 млн. сомдон ашуун турган 60 сотых жер да мамлекетке кайтарылган. (ZKo)

Дагы караңыз

БШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаров боюнча арызын карадыАтамбаевдин жактоочулары аны тез арада бошотуу тууралуу арыз менен райондук сотко кайрылыштыМал-жандыкты сыртка сатууга коюлган убактылуу чектөө алынбайт Москвада коронавируска чалдыккан мекендешЮристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы коркунучтарды талкуулашты (видео)«Формула-1дин» чемпиону Льюис Хэмилтонго коронавирус жукту Трамптын коронавирус боюнча башкы кеңешчиси кызматтан кетти