Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

«Формула-1дин» чемпиону Льюис Хэмилтонго коронавирус жукту


Льюис Хэмилтон «Формула-1дин» жети жолу чемпиону болуп, дүйнөлүк рекорд койгон.
Льюис Хэмилтон «Формула-1дин» жети жолу чемпиону болуп, дүйнөлүк рекорд койгон.

«Формула-1» эл аралык автожарыштын көп жолку чемпиону Льюис Хэмилтон («Мерседес» командасы) коронавируска кабылды жана ушундан улам бул дем алышта Бахрейндеги Сахира Гран-приси үчүн мелдешке катыша албай калды.

Өткөн аптада Хэмилтон үч жолу тест тапшырып, үчөөндө тең оору аныкталган эмес. Бирок анын командасы спортчу дүйшөмбүдө эртең менен ойгонгондо эле оорунун жеңил белгилерин байкаганын, кайталап тапшырган тести оң чыкканын, бирок өзүн жакшы сезип жатканын билдирди.

Бахрейдин медициналык талаптарына ылайык, 35 жаштагы Хэмилтон өзүн өзү обочолоду. Ал «Формула-1дин» жети жолку чемпиону болуп, дүйнөлүк рекорд койгон.

Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондордун саны 63,3 миллион адамдан ашты, бул илдеттен 1,47 миллиондой бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG