Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган убактылуу чектөө алынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мал-жандыкты сыртка сатуу боюнча киргизилген убактылуу чектөө саясий чечим болгон жана ал алынбайт. Бул тууралуу 1-декабрда фермерлер менен жолугушууда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдиргенин «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин басма сөз катчысы Темиржан Мааткеримовдун айтымында, жолугушууга Чүй облусунун 25 чакты фермери катышты жана алар малды үчүнчү өлкөлөргө сатууга тыюуну алып салууну суранышты.

«Министр бул маселе боюнча Токмоктогу базарды да көрүп келгенин, ортомчулар эле пайда көрүп жатканын, эт аябай кымбаттап кеткенин айтты. Жайга чейин деп коюлган убактылуу токтом алынбай турганын, ошо бойдон каларын билдирди», - деди ал.

Министрлик азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуш кылган. Бул сунушту өкмөт колдоп, 19-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомго кол койгон. Ага ылайык, экспорттоого тыюу салынгандардын арасында тирүү мал-жандык, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар.

Күзүндө Бишкектин базарларында өсүмдүк майы орто эсеп менен 50-80 сомго, кант 10-30 сомго, эт 50-100 сомго чейин кымбаттаган. (RK)

XS
SM
MD
LG