Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

БШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаров боюнча арызын карады


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 1-декабрда Башкы прокуратуранын президенттик шайлоого катыша турганын билдирген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы жолугушуyсуна байланышкан сунушун карады. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, жыйынга журналисттер киргизилген жок.

Адахан Мадумаровдун өкүлү Артур Бакировдун билдиргенине караганда жумушчу топ маселени БШКнын жалпы жыйынында кароо жөнүндө чечим чыгарды.

БШКнын жумушчу тобу Мадумаровдон башка президенттикке талапкер болуш үчүн арыз берген саясатчылардын үстүнөн түшкөн арыздарды да карамакчы.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюму үгүт иштерине байланыштуу президенттикке катышуу ниетин билдиргендердин ичинен тогуз кишиге жана төрт медиага карата БШКга арыз жазган. Алар - Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Токтайым Үмөталиева, Бектур Асанов, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев. Ошондой эле уюм «7-канал», «Kaktus.media», «Kloop» жана «NazarNews» медиаларында да үгүт эрежелери бузулган учурлар байкалды деп эсептейт.

24-ноябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусундагы үгүт иштеринин белгилерин кароону сунуш кылган.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушкан.

Мадумаров Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Боршайкомго кайрылган. БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турганын, ал бийликте отурган кезде аймактарды кыдырганы да үгүт болуп эсептелерин билдирген.

Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында аймактарды иш боюнча кыдырып чыкканын айткан.

Башкы прокуратуранын 24-ноябрдагы билдирүүсүндө үгүт эрежесинин бузулганы боюнча Садыр Жапаровдун ысымы аталган видео да текшериле турганы айтылган.

Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG