Чек арадагы иштебеген система үчүн эки мекеме кайым айтышууда

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Асылкулов (сол жакта) жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев. (ортодо формачан). «Чалдыбар» өткөрмө бекети. 28-ноябрь, 2020-жыл.

Мамлекеттик салык кызматы «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү бекетинде өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковдун айткан сынына жооп кайтарды. Анда мекеме сырттан кирген товарларды эсепке алууну автоматташтыруу жана мыйзамсыз ташууга каршы «Жыйынтыктоочу пост» системасын ишке киргизиш үчүн өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарганын белгилеген.

«Көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ишин камсыздоого Мамлекеттик салык кызматынан тышкары сегиз мамлекеттик орган катышат, алардын негизгилери салык кызматы менен бирге жаңы системалардын ишке киргизилиши жана андан ары иштеп кетиши үчүн жооптуу», деп белгиленген маалыматта.

Ошондой эле анда Мамлекеттик салык кызматы бул системага керектүү жабдууларды Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чалдыбар-автожолу» көзөмөл-өткөрмө бекетине өткөрүп бергенин, бекет өзгөчө коргоодогу аймак болгондуктан, системага тиешелүү бардык иштер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан ишке ашырылары жазылган. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, «Жыйынтыктоочу пост» системасы март айында эле ишке киргизилүүгө даяр болгон, бирок ага жоопкер башка органдар даяр эмес болгондуктан толук ишке кирген эмес.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы өз дарегине карата Мамлекеттик салык кызматы келтирген жүйөлөр боюнча жооп берип, салык кызматы коомчулукка туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.

«Жыйынтыктоочу постту» ишке киргизүү компьютерлерди бири-бирине улап коюу менен бүтпөйт, ал үчүн атайын программанын жардамы менен тышкы миграциянын бирдиктүү системасына көз каранды эмес түрдө иштөөсүн камсыз кылуу зарыл. Бул эки системанын интеграциясын Мамлекеттик салык кызматы башка тиешелүү органдар менен чогуу иштеп чыгууга тийиш болчу. Чек ара кызматкерлерин 15-ноябрга чейин «Жыйынтыктоочу пост» системасы менен иштөөгө үйрөтүүчү семинар убагында болгон жок. Системанын ишин текшерүүчү алдын ала тестирлөө да өткөрүлгөн жок», деп маалымдайт Мамлекеттик чек ара кызматы.

Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиков 28-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» өткөрмө жайына барып, коррупцияны азайтуу аракеттери жүрбөй жатканын сындаган. Ал бул үчүн айрым кызмат адамдарына тиешелүү чара көрүүнү буюрган. (ZKo)

Дагы караңыз Новиков чек арадагы аткезчиликке каршы ишти сындады

Дагы караңыз

Бишкек кинотеатрлардын ишине уруксат бердиАтамбаевдин жактоочулары аны тез арада бошотуу тууралуу арыз менен райондук сотко кайрылыштыМал-жандыкты сыртка сатууга коюлган убактылуу чектөө алынбайт Москвада коронавируска чалдыккан мекендешБШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаров боюнча арызын карадыКремль Сандунун Днестр боюндагы орус аскерлерин чыгаруу боюнча сунушун четке кактыАКШ менен Кыргызстандын ВИЧ/СПИДди токтотуу боюнча кызматташтыгына он жыл толду Венгрия менен Украинанын ортосунда дипломатиялык чыр чыкты СПИД дүйнө жүзү боюнча 33 миллиондой адамдын өмүрүн кыйдыЖаш кыздарга карата ыплас аракеттер үчүн айыпталган чек арачынын иши кайра кароого жиберилди