Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Бишкек кинотеатрлардын ишине уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы коронавирус илдети күчөп турган маалда карантинге жабылган кинотеатрлар менен тез татым жайларын кайрадан ачты. Мэрия санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча жоопкерчиликти жогорудагы мекемелердин жетекчилигинин мойнуна жүктөп жатат.

Бишкекте туптуура тогуз айдан кийин кинотеатрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар жана башка жайлар кайрадан ишин баштады. Коронавирус илдети күчөп турган чакта мэриянын мындай кадамга барышын вице-мэр Айжан Чыныбаева төмөнкүчө түшүндүрдү:

Айжан Чыныбаева.
Айжан Чыныбаева.

«Өкмөттүн жана мэриянын социалдык-экономикалык тармактагы объектилердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү тууралуу токтомуна ылайык жана ишкерлердин бир нече жолку кайрылууларын эске алуу менен бүгүндөн тартып кинотеатрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар жана башка жайлар кайра ачылууда. Ар бир жайдын жетекчиси убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого, тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү».

Мэрия кинотеатрларга адамдарды бири-биринен шахмат сыяктуу алыс отургузууга милдеттендирип, орундардын 50% гана толушу керек деген талап койду. Балдар ойной турган аянтчалар боюнча да ошондой эле талап коюлат. Мэрия ооругандар көбөйсө аталган жайлар кайра жабыла турганын да эскертти.

Бишкекте март айынан ушул күнгө чейин коронавирус инфекциясын жуккандар 24 миң кишиден ашкан жана бул өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын 30% түзөт. Акыркы бир күндө баш калаада 69 адам ооруга чалдыканы аныкталган. Адистердин айтымында Бишкек эпидемиологиялык жактан дагы эле кооптуу. Андыктан мэрия жарандарды коомдук жайларда санитардык эрежелерди так сактоого чакырат.

Илдет күчөп жатканына карабай кинотеатрлардын ачылышы коомдо эки ача пикирди жаратууда. Мисалы айрым адистер кинотеатрларда санитардык эрежелерди сактоо өтө оңой экенин айтышууда. Кинорежиссёр, Кыргызстандын Киноматографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков кинотеатрлардын ачылышын кубаттады:

«Кинотеатрлардын жабык турушу экономикалык жагын албаганда да маданиятыбызга терс таасирин тийгизди. Көпчүлүк кино жаатында иштеген адамдар өзүн-өзү бага албай калды. Көп киши кесибин таштап башка жумуштарга өтүп кетти. Экономикалык жагын алып карасак былтыр Кыргызстанда кинотеатрлардын прокаты боюнча кассалык жыйымы жарым миллиард сом болгон. Быйыл ошонун баары түшпөй калды. Салыктары да төлөнгөн жок».

2019-жылы Кыргыстанда кинотеатрлардын кассалык жыйымы 500 миллион сомду түзгөн. Быйыл болсо кинотеатрлар дээрлик тогуз ай жабык турду. Айбек Дайырбековдун негиздегенине караганда, тойканаларга караганда театрларда санитардык эрежелерди сактоо кыйла жеңил.

«Азыр кинотеатрлардын ачылышы абдан жакшы, - деди ал. - Анткени маршруткалар, кафе-ресторандар иштеп жатат. Тойлордо 200-300 киши бир имараттын ичинде 5-6 сааттап тойлоп жатышат. Ал эми театрлар жабык турат. Мисалы алсак кинотеатрларда, театрларда санитардык эрежени так сактоо өтө жеңил. Себеби орундар билет менен кошо сатылат. Автоматтык түрдө бир орун бош коюп сата берсе болот. Анын үстүнө Кыргызстанда мурдатан эле кинотеатр 100% толуп, аншлаг болгон учурлар аз болот. Прайм-таймда, кечки маал же өтө популярдуу киного эле зал толбосо, мурдатан эле жарым-жартылай толчу».

Ыктыярчы дарыгер Эрмек Исмаилов санитардык эрежелерди сактоодо жалаң эле фуд-корт, кинотеатр же компютердик клбудун жетекчилери эмес, жарандар өздөрү да жоопкерчиликтүү болушу керек экенин эске салды:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Кинотеатр жабык жай болуп эсептелет. Эгер коронавируска чалдыккан бейтап ошол жерге бара турган болсо башка адамдардын жугузуп алуу коркунучу көбүрөөк. Андан сырткары ал жердеги кызматкерлер адамдын ооруга чалдыкканын же чалдыкпаган аныктай албайт. Анткени вирусту жугузуп алып, бирок дене табы көтөрүлбөй эле киного келип кирип кетиши мүмкүн. Андыктан бул жерде жарандар өздөрү жоопкерчиликти сезип оору жугузуп алганын билсе же ооруп жатса башкаларга жугузбаш үчүн эч жакка чыкпай үйүндө отурушу керек».

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус өлкө боюнча дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бир күндө илдет 371 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 178 адамды түздү. Анын 64711 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 562 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1275 кишиге жетти.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG