УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов тергөө бүткүчө камакта болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш дүйнөсүндө «Чач» деген каймана аты менен таанымал, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов тергөө иштери аяктаганга чейинки мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 22-ноябрда чыгарганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 24-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов 20-ноябрда кармалган. УКМК учурда анын кылмыш иштерине катышын иликтеп жатат.

УКМК октябрь-ноябрь айларында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдоодо. Эки ай аралыгында кылмыштуу топтун он чакты мүчөсү кармалганы кабарланган. Алардын бири - «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев. (ZKo)

Дагы караңыз

НАТОнун Ооганстандагы миссиясы боюнча чечим февралда кабыл алынатЭкономикалык мунапыс: Бир айлык мөөнөт аяктадыСот Текебаевге кайтарылып берилген мандатты жокко чыгарган чечимин түшүндүрдүИзраилдин премьер-министри Сауд Арабиясына барганы боюнча маалымат берген жокТрамп бийликти өткөрүп берүүгө макул болду Финпол: Бишкектин Октябрь районунун акими кармалдыАвтоунаа номуру аукциондо 604 миң сомго сатылдыКытай Айга космос кемесин учурду