Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

Финпол: Бишкектин Октябрь районунун акими кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупция боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 24-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, аким «соттун чечими менен конфискация боло турган жер тилкесинин ээсин алмаштыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктоо ишинин алкагында» дүйшөмбү күнү кармалды.

«Факт боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка да жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Куценко район башчысы болуп быйыл октябрдагы бийлик алмашуудан кийинки окуялар учурунда дайындалган.

24-ноябрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев аны өз арызынын негизинде кызматтан алып, «Куценко үчүн кечирим сурайм. Текшербей кызматка алганым үчүн. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз», деп «Фейсбукка» жазды.

Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылы айрым адамдар киреше алуу максатында өз байланыштарын пайдаланып, президенттик аппараттын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, сот органдарынын өкүлдөрү менен туруктуу байланыш түзүп алышкан. Алар сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалап, «Г.Э.» ишканасынын кызыкчылыгын көздөп, мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган. Факт боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча сектор башчысы жана Бишкектин район аралык сотунун мурдагы судьясы кармалган.

Кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан тарап азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG