Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Автоунаа номуру аукциондо 604 миң сомго сатылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автоунаалардын өзгөчө айкалыштагы сандар менен тамгалардан турган номурларын сатууга арналган аукцион 23-ноябрда болуп өттү. Онлайн түрүндө өткөн аукциондо баш калаага таандык «01 888 BBB» сериялык номери эң жогорку баага сатылды. 80 миң сомдон башталган баа акырында 604 000 сомго жетти. Андан кийин «01 555 SSS» номерин сатып алыш үчүн соода кызуу өттү, ал 430 000 сомго сатылды. Анын баштапкы баасы 60 000 сом болчу.

Ошондой эле, «01 111 JJJ» мамлекеттик номуру 82000 сомго, ал эми «01 777 XAH» деген номур 72000 сомго сатылды. «04 111 III» унаа номуру баштапкы баада 60 000 сомго, ал эми «01 007 XAH» жана «04 007 AMG» – ар бири 32 000 сомдон сатылып кетти.

Жакында «01 777 ZZZ» номери боюнча аукциондо жеңүүчү бул номур үчүн 810 000 сом сунуш кылды, ал сертификаттын баасын үч жумуш күнүнүн ичинде төлөп бериши керек.

Сатылган жети автономердин жалпы баасы 1 миллион 312 миң сом түздү, кирешенин 91% мамлекеттик бюджетке которулат.

Жалпысынан «өзгөчө» номурларды сатуу боюнча 14 аукцион пландаштырылган, анын жарымы ийгиликтүү өтүп, аларды онлайн аукциондун жеңүүчүлөрү сатып алышкан. Беш номерди бишкектиктер, экөө Жалал-Абад облусунун «04» аймактык коду менен сатып алышкан. «ХАН» тамгаларынын айкалышы бар номурларын Бишкектен эки автоунаа ээлери сатып алышкан.

Онлайн аукциондор nomer.srs.kg сайтында жүргүзүлөт. Өзгөчө айкалыштагы сандар менен тамгалары бар дагы 46 автоунаа номуру сатылып алынышы күтүлүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 7-декабрга чейин сандардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышы бар автономурларды сатуу боюнча 700дөн ашык аукцион өткөрүлөт.

2016-жылы 28-сентябрда Бишкекте өткөн аукциондо «01 777 ААА» автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылган. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG