Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Кытай Айга космос кемесин учурду


24-ноябрда Кытай Айга космос зондун жөнөттү. Хайнань аралындагы «Вэньчан» космодромунан учурулган аппарат Жерге Айдын топурагынын үлгүлөрүн алып келмекчи.

Мындай долбоор 44 жылдан бери ишке ашырыла элек болчу. Миссия өз максатына жетсе, Кытай Айдан материал алып келген СССР менен АКШдан кийинки үчүнчү мамлекет болуп калат.

Кытайлык адистердин айтымында, ошол материалды жерге алып келип таанышуу алда канча ыңгайлуу.

Зонд Айдын бетине болжол менен сегиз күндөн кийин конот. Ал жактан үстүнкү катмарын бургулап, топуракты модулга жүктөп кайра жерге жөнөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG