Спортчунун талаштуу кайрылуусу (видео)

Төлөгөн Рахманберди уулу.

Ошто спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык» деген таризде президентке кайрылган видеосу 14-февралда “Фейсбукка” чыкты.

Рахманберди уулу Ош шаардык Спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеп жаткан Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы жегенин, алар «арыз жазсаң каматабыз» деп опузалаганын ырастайт.

Спортчу, милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусун Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөгөн.

Кайрылууда Төлөгөн Рахманберди уулу буларды айткан:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык. Себеби 5-6 ай мурда Раимбеков Нурбектин балдары травматикалык мылтык менен бутума атып кетишкен. “Арыз жазба, жазсаң өзүңдөн көр” дешкен. Мен жазган жокмун. 1-2 ай өтпөй Саркарбаев Кылыч автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, анда да Раимбеков Мунарбек жана Саркарбаев Кылыч ооруканага келип, башыма пистолет такап коркутушуп, “өзүңдү каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз” деген. Ошондо да арыз жазган эмесмин».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Спортчу президентке кайрылды


Ош шаардык милициясы 29-январда Рахманберди уулуна кол салуу боюнча иш козголуп, беш киши кармалып, териштирүү башталганын билдирген. Бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан экен.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз” деп маалымат таратты. Сыдыков ал тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деп ырастайт.

Замир Сыдыков.

«Президентке кайрылуу жасап, өзүн жабырлануучу катары көрсөтүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок деп эсептейм. Адам башында башкача сүйлөп, кийин башкача айтып, тергөөнүн жүрүшүн татаалдаштырып, адаштырып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бизге конкреттүү көрсөтмө бербестен, милицияга келип эмне болгонун айтпастан четте туруп алып, президентке кайрылуу жасаганында кандайдыр бир күчтөрдүн таасири болушу мүмкүн же муну пайдаланып кандайдыр бир саясий күчтөр же кылмыштуу күчтөр өз максатына жетүүнү көздөгөн болушу мүмкүн».

Замир Сыдыков видеодо аты аталган Нурбек Раимбеков кармалган беш кишинин бири экенин, Кылычбек Саркарбаевдин атышууга катышы бар экени айтылып, ал боюнча иш териштирилип жатканын кошумчалады.

Кайрылууда аты аталган Ош шаардык мэриясынын Спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

Кылычбек Саркарбаев.

«Төлөгөндүн мага андай көрсөтмө бергени - кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы деп ойлойм. Кимдер экенин билбейм. Канча адам экенин так билбейм. Эгерде билсем, «Эмне сурооң бар?» деп өзүм эле сүйлөшүп алмакмын. Душманчылыктын дагы жигитчилиги болот. Бул убакытка чейин “иним болот” деп унчукпай жүргөм. Дүйшөмбү күнү басма сөз жыйынын өткөрөйүн деп даярданып жатам. Ар ким өзүн коргобосо болбойт экен. Ага-ини деген нерсе жок экен. Мен муну түшүндүм. Мен агалык кылып унчуккан эмесмин. Бирок ар бир нерсенин чеги болот».

Кылычбек Саркарбаев Рахманберди уулу менен чогуу машыгып жүргөнүн, видеону тараткан Эмилбек Кимсановду да тааный турганын кошумчалады.

Ал арада Ош шаардык мэриясы Спорт комитетинин төрагасын кызматтан кетирүү боюнча маселени 17-февралда карамай болду. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» буларды айтты:

Азамат Абсаттаров.

«Укук коргоо органдары шектүү катары же башка бир тиешеси бар дегенде ошол эле күнү жумуштан алынып, кызматта болмок эмес. Бирок ошол окуя боюнча гана иш козголгон. Ошон үчүн буга чейин иштеп келди. Рахманберди уулу президентке кайрылып, Саркарбаевдин да атын атады. Бирок бүгүнкү күндө тартип коргоо органдары Саркарбаевди шектүү деп атай элек. Укук коргоо органдарын угалы, эгер чын болсо кызматтан четтетилет».

Кылычбек Саркарбаев эгер мэрия анын кызматта турууга татыксыз деп чечсе, алардын чечимин талашпай турганын айтты. Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери жетектеп келатат. 2019-жылдын 27-декабрында Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган.

Президенттик аппарат спортчунун кайрылуусуна азырынча жооп кайтара элек.

Макаланын башында айтылгандай, видеону тараткан Эмилбек Кимсанов Рахманберди уулунун кайрылуусун баракчасына жайгаштырардан мурда «Мен үйгө дагы кайтып келем» деп жазган. «Азаттыктын» ишенимдүү булактары Кимсанов жана Рахманберди уулу Кыргызстандан чыгып кетишкенин айтышты.

Видеодо аты аталган Нурбек Раимбеков – Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун (мурдагы фамилиясы Раимбеков) бир тууган агасы. Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн төрт жылдан бери башкарып келатат. Ал Раимбек Матраимовдун өкүл баласы экенин жашырбайт.

"Азаттык" Нурбек Раимбековдун жакындарынан жана кайрылууда аты аталып жаткан Матраимовдордон азырынча комментарий ала алган жок. Бирок алар кайрылууга жооп берүүнү кааласа, “Азаттык” микрофон сунууга даяр.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​